Дүйнөлүк атомдук жума (World Atomic Week 2025) алкагында Кыргызстан аймагында литий-иондук аккумуляторлор менен энергия топтоо системаларын өнүктүрүү боюнча кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин атынан орун басар Гүлшат Асылбаева катышты.
Меморандум Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын күйүүчү май дивизиону, «Энерджи Солюшнс Кыргызстан» ЖЧКсы жана «Курулуш компаниясы Эльбрус» ЖЧКсынын ортосунда түзүлдү. Документ литий-иондук аккумуляторлордун рыногун изилдөө, алардын жергиликтүү өндүрүшүн уюштуруу боюнча сунуштарды даярдоо, ошондой эле энергия топтоо системалары боюнча келечектүү долбоорлорду издөө жана ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти карайт.
Өндүрүштү локалдаштыруу төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү жаратат:
— өлкөгө жогорку технологиялык инвестицияларды тартуу;
— жаңы жумуш орундарын түзүү;
— энергетикалык көзкарандысыздыкты жогорулатуу;
— «таза» жана туруктуу энергетика багытындагы чечимдерди өнүктүрүү.
КР ЭКМ белгилегендей, бул келишимдин ишке ашырылышы экономиканы диверсификациялоодо, өнөр жайды өнүктүрүүдө жана заманбап энергия сактоо технологияларын киргизүүдө маанилүү кадам болуп саналат.