2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Канаданын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кристофер Дагган менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Жолугушууда азыркы товар жүгүртүү көлөмү эки тараптуу кызматташтыктын бардык потенциалы чагылдырылбагандыгы белгиленди.
Инвестициялар, жеткирүү тизмеги, энергетика, инфраструктура жана туризм чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар биргелешкен долбоорлорду активдештирүүгө, ошондой эле аларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярдыгын билдиришти.
Канаданын элчиси Кристофер Дугган мырза өзгөрүп жаткан геосаясий кырдаалда Кыргызстан менен Канада кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп, аларды калыптандырып, прагматикалык жол менен жылып, алдыга умтулуу менен ийгиликке жетишүү керектигин баса белгиледи.
Маектештер ошондой эле ишкердик жаатындагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, эки мамлекеттин бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы ишкердик активдүүлүктү жана өнөктөштүк долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган расмий чакырууларды жана конференцияларды өткөрүү механизмдери талкуулашты.
#КРЭКМ