Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Чунцинге болгон иш сапарынын жүрүшүндө Элдик жыйындын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Чжао Шицин менен жолугушту.
Кыргызстан менен Чунциндин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргыз-Кытай борборунун жана Чунцин шаарындагы соода павильонунун иши талкууланды.
Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана негизги багыттар боюнча туруктуу өнөктөштүк платформасын түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.