Чоро Сейитов Борбордук Азиядагы “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу мамлекеттик башкаруу” программасынын регионалдык конференциясына катышты

Новости
25-Сентябрь 2025-ж.
323

2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Тажикстандын Душанбе шаарында өтүп жаткан «Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү мамлекеттик башкаруу» аттуу аймактык конференцияга онлайн форматта катышты.

Конференциянын негизги багыты — маалыматтар жана далилдерди натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыз кылган, адилеттүү жана инклюзивдүү экономикалык өсүшкө алып баруучу саясий чечимдерди позитивдүү калыптандыруунун күчтүү куралы катары пайдалануу.

Мындан тышкары, конференция төмөнкү багыттарда:

субулуттук өнүгүү жана пландаштыруу;

калктын эң аялуу катмарларын коргоо;

мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу;

климаттык аракеттер үчүн маалыматтарды;

аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн маалыматтарды колдонууга арналды.

Конференцияга мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, аналитикалык борборлор менен академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана башка аймактардан келген тармактык эксперттер катышууда.

Иш-чара Дүйнөлүк банк, Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана Шериктештик боюнча министрлиги (FCDO) менен биргеликте UK International Development’тин каржылык колдоосу менен 2025-жылдын 24–25-сентябрында Душанбе шаарында  (Тажикистан) өтүүдө.

Онлайн кайрылуу