«Бишкек жылуулук тармагы» Бишкектин 5-микрорайонунда №7 насос станцияларынын жабдууларын жаңыртат

Новости
13-Декабрь 2015-ж.
2052

«Бишкек жылуулук тармагы» Бишкектин 5-микрорайонунда №7 насос станцияларынын жабдууларын жаңыртат. Эки жаңы аккумуляторлуу бак өз пайдалануу мөөнөтүн эчак иштеп бүткөн эскисинин ордуна орнотулат.

Аккумуляторлуу бак сууну жана жылуулук энергиясын толтурат, жөнөкөй сөз менен айтканда, ал термос катары Бишкек шаарынын ЖЭБи берген ысык сууну чогултуп, ошону менен бирге жүктөмдү турукташтырат, ошондой эле ысык сууну пайдалануунун эртең мененки жана кечки тыгындарын жабууга кызмат кылат. Жабдууну орнотууга негиз курулуп бүтөкөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу