Султан Ахматов Шэньси провинциясынын ишкер чөйрөсү менен жолугушту

Новости
24-Сентябрь 2025-ж.
466

2025-жылдын 24-сентябрында Шэньси провинциясынын Сиань шаарында (КЭР) Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Шэньси провинциясынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чара Кытай Эл Республикасындагы #КРЭКМ Соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Жолугушуунун алкагында Соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын тааныштырып, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун өкүлдөрү өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жана бул тармактагы инвестициялык демилгелерди катышуучуларга сунушташты.

Жолугушууда өзгөчө көңүл каржылык кызматташтык маселелерине бурулду. «Мамлекеттик финансылык холдингдин» башкармалыгынын төрагасы Элдияр Доолбеков уюмдун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, «Сиань финансылык холдинги» менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.

Мындан тышкары, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган, кыргыз жана кытай компанияларынын ортосунда туризм жана соода тармактарында бир катар келишимдер да кабыл алынды.

Онлайн кайрылуу