Кытай Эл Республикасындагы #КРЭКМ Соода өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын активдүү көмөгү менен Шанхай шаарында улуттук төлөм системасы «Элкарттын» оператору - «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (БАПБ КР) жана Alipay+ компаниясынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Документ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү, чек ара аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө заманбап чечимдерди киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча тапшырмаларынын алкагында түзүлдү.
Тараптар QR-төлөмдөрдү өз ара кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ири долбоорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти. Бул келишим Кыргызстан менен Кытайды жана Alipay+ иштеп жаткан башка өлкөлөрдү санариптик көпүрө аркылуу байланыштырууга жол ачат. Бүгүнкү күндө чет элдик туристтер Кыргызстанда QR-төлөмдөрдү чектелген гана деңгээлде пайдалана алышат. Жаңы долбоор бул кызматтарды толук кандуу киргизүүгө шарт түзөт. ELQR түйүнү жана Alipay+ өнөктөштөрүнүн мобилдик колдонмолору аркылуу колдонуучулар сатып алууларды жана кызматтарды өз мекенинде болгондой эле ыңгайлуу төлөй алышат.
Меморандум төлөм жана эквайринг системаларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти, ошондой эле ELQR түйүнү жана Alipay+ өнөктөштөрүнүн тиркемелери аркылуу чек ара аралык QR-төлөмдөрдү өз ара кабыл алуу механизмдерин киргизүүнү карайт. Бул чечим эки өлкөнүн ишкерлери жана колдонуучулары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз эсептешүүлөрдүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат.
Кийинчерээк тараптар биргелешкен долбоорлорду жана пилоттук демилгелерди ишке киргизүүнү пландашууда. Негизги көңүл кызматтардын ишенимдүүлүгүнө, регулятивдик талаптарды сактоого жана маалыматтарды коргоого бурулат.
Долбоор улуттук ELQR системасын Alipay+ эл аралык төлөм экосистемасына интеграциялоо жолунда маанилүү кадам болуп, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Материал «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (БАПБ КР) маалыматынын негизинде даярдалды:https://ipc.kg/news/czifrovye-platezhi-bez-granicz-mpcz-i-alipay-planiruyut-zapustit-vzaimnyj-priyom-qr-platezhej/