2025-жылдын 15-сентябрында БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруу комитетинин 141-жыйыны болуп өттү. Жыйында #КРЭКМ ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Нурбек Максутов, СЕФАКТ ООН Бюросунун Төрага орун басары катары уюмдун ишмердиги боюнча Жылдык отчетту сунуштады.
Өз сөзүндө Нурбек Максутов СЕФАКТ ООН акыркы 40 жылдан ашуун убакыттан бери дүйнөлүк сооданы жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү багытында иштеп келе жатканын белгиледи. 2026–2027-жылдарга белгиленген башкы багыттар:
• санариптик транспорттук коридорлорду өнүктүрүү,
• жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө СЕФАКТ ООН 49 сунушту жана 950дөн ашуун техникалык стандартты иштеп чыкканын, анын ичинде соода түйүндөрүн аныктоо жана санариптик продукт паспортторун камтыганын белгиледи.
Өкүлчүлүк жетекчиси уюмдун акыркы ийгиликтерине да токтолуп өттү, анын ичинде:
• туруктуу жеткирүү чынжырлары үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу,
• деңизге чыгышы жок өлкөлөр үчүн санариптик чечимдерди илгерилетүү,
• активдүү эл аралык кызматташуу: 17 өлкөгө жардам көрсөтүү, 50дөн ашык эл аралык конференцияларга катышуу, текстиль өнөр жайындагы жана айланма экономикадагы демилгелер.
Нурбек Максутов сунуштаган презентациядан кийин БУУнун ЕЭК мүчө өлкөлөрү айланма экономикадагы кошумча нарктын туруктуу чынжырларынын экологиялык, социалдык жана башкаруу боюнча байкоо жүргүзүүчү адистер тобунун иш программасынын мандатын 2026–2028-жылдарга узартуу боюнча резолюция кабыл алышты