Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Сиань шаарынын мэри Е Нюпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу маалында Султан Ахматов эки элди байыртан бери Улуу Жибек жолу байланыштырып келгенин белгиледи. Ал Евразия континентин аралап өткөн өзгөчө соода жана гуманитардык магистраль болуп, Кытай, Индия, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европанын цивилизацияларына көпүрө болгон. Бүгүн, XXI кылымда, ошол алыскы заманда негизделген достук жана кызматташтык мамилелери жаңы тарыхый шарттарда ийгиликтүү чыңдалып келе жатат.
Тараптар Сиань шаарында иш жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн жана Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташтык борборунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Сиань шаарынын ортосундагы туристтик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленип, Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташтык борбору бул багытта негизги роль ойнойт деген үмүт билдирилди.