2025-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Шэньси провинциясынын Сиань шаарында (КЭР) өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумга катышты.
Форумдун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Султан Ахматов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган «Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын» өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
Ал белгилегендей, Кыргызстан уникалдуу транзиттик-логистикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Евразиянын борборундагы стратегиялык жайгашуу кеңири рынокторго чыгууга жол ачат. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке жана Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгү, ошондой эле Европа Биримдигинин 6200 аталыштагы товарга берилген ВСП+ жана АКШнын 3500 товарга берилген ВСП артыкчылыктуу соода режимдери өлкөнү өндүрүш жана экспорт үчүн жагымдуу аянтчага айлантат.
Мындан тышкары, инвестицияларды колдоого багытталган мамлекеттик чаралар өзгөчө баса белгиленип, либералдуу инвестициялык режим инвесторлорго дээрлик бардык тармактарга кирүүгө шарт түзүп жатканы белгиленди.