Бажы бирлигинин «Төмөн вольттогу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 004/2011) техникалык регламенти
Министрлик эл аралык жана региондук (мамлекеттер аралык) стандарттардын, ал эми алар жок болгон учурда - улуттук (мамлекеттик) стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөрдүн долбоорун ачык талкуулоону өткөрүү жөнүндө маалымдайт, аларды колдонуунун натыйжасында Комиссиянын Коллегиясынын 2023-жылдын 11-майындагы №55 чечими менен бекитилген, Бажы бирлигинин «Төмөн вольттогу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 004/2011) техникалык регламентинин талаптарын сактоо ыктыярдуу негизде камсыздалат. Өзгөртүүлөрдүн долбоору жана ага карата материалдар Евразия экономикалык биримдигинин расмий сайтында төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган: https://regulation.eaeunion.org/pd/3194/.
Өзгөртүүлөрдүн долбоорун коомдук талкуулоонун башталышы - 2025-жылдын 5-сентябры.
Өзгөртүүлөрдүн долбоорун коомдук талкуулоону аяктоонун пландалган күнү - 2025-жылдын 5-октябры.