Нурбек Максутов «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу боюнча FIATA Review журналына маек берди

Новости
22-Сентябрь 2025-ж.
571

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюму боюнча Женевадагы өкүлү Нурбек Максутов «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна арналган FIATA Review эл аралык журналына эксперттик комментарий берди.

Маекте ал долбоордун негизги экономикалык жана стратегиялык аспектилерине токтолуп, Евразия аймагындагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөдөгү маанисин белгилеп өттү. Ошондой эле Кыргызстанды Азия менен Европанын ири базарларынын ортосундагы өзгөчө географиялык абалда жайгашкан транзиттик өлкө катары көрсөткөн.

Мультимодалдык транспорттук коридорлордун өнүгүүсүндөгү азыркы тенденцияларды эске алуу менен, бул долбоор Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң маанилүү инфраструктуралык демилгелердин бири катары каралууда. Ал эл аралык базарларга кеңири жол ачып, өлкөнүн логистикалык потенциалын өрчүтүүгө өбөлгө түзөт.

FIATA Review басылмасы Кыргыз Республикасын евразиялык интеграциянын активдүү катышуучусу катары таанытууга өбөлгө болуп, транспорттук байланыштуулукту кеңейтүү жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча тышкы экономикалык стратегиянын максаттарына жооп берет.

🔹 Маалымат үчүн: FIATA Review — дүйнөлүк транспорттук логистика тармагындагы алдыңкы басылмалардын бири. Ал Эл аралык экспедиторлор ассоциацияларынын федерациясы (FIATA, International Federation of Freight Forwarders Associations) тарабынан чыгарылып, глобалдык жүк ташуу, логистика жана жеткирүү чынжырындагы адистерди камтыйт.

🔗 Макала орус жана англис тилдеринде биздин расмий сайтта жеткиликтүү.

Онлайн кайрылуу