2025-жылдын январь-август айларына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө кыскача экспресс маалымат (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарынын негизинде)

Новости
19-Сентябрь 2025-ж.
109

2025-жылдын башынан бери туруктуу экономикалык өсүш сакталууда. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттин каражаттарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү, ошондой эле калктын кирешесинин өсүшүнүн эсебинен ички суроо-талаптын жогорулашы менен камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2025-жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 1 042,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 111,0 %ды (2024-жылдын январь-августунда – 108,3 %) түздү. 

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 11,6 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 9,5 %га, курулушта – 34,8 %га, айыл чарбасында – 2,4 %га өскөн.

Экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 33,4 % ды, ал эми кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү 50,7 % ды түздү.

Өнөр жай. 2025-жылдын январь-август айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 437,1 млрд сом суммасында дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,5% га өстү (2024 - жылдын январь-августунда 0,7% га өскөн). Алтын кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 21,4 % га өстү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-августуна  салыштырмалуу өсүшү фармацевтикалык продукциялардын (2,2 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (44,4 %га), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (32,9 %га), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (32,2 %га), химиялык продукциялардын (22,8 %га), текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүүнүн көлөмүнүн (7,1 %га), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (15,5 %га) көбөйүшү  менен камсыздалды.

Муну менен бирге, негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүүнүн көлөмүнүн (1,2 %га) төмөндөшү белгиленди. 

Электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуунун көлөмүнүн 10,7 %га жогорулашы электр энергияны өндүрүүнүн өсүшү (11,6 %га) менен камсыздалды.

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн 26,4 %га көбөйүшү негизинен  сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн өсүшү (30,2 %га)  менен камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПны түзүүдөгү салымы 1,93 пайыздык пунктту түздү. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жай тармагынын үлүшү 17,9 %ды түздү.

Айыл чарба. 2025-жылдын январь-август айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 252,5 млрд сом суммасында өндүрүлгөн. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 102,4%ды түздү. Айыл чарба продукциясынын дүң көлөмүнүн 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүшү, негизинен, мал чарба продукциясынын 3,1%га көбөйүшү менен камсыздалган, анын ичинде эт өндүрүү 3,1%га, сүт – 2,7%га жана жумуртка – 5,8%га өскөн.

2025-жылдын январь-август айларында түшүмдүүлүк мурунку мезгилге салыштырмалуу төмөндөгөн. Бул сугат суунун жетишсиздигине, ошондой эле быйыл айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн былтыркыга караганда 2-3 жума эрте бышып жетилишине байланыштуу болгон. Натыйжада, түшүм жыйноо эрте башталып, бул мурунку мезгилдеги продукциянын көлөмүнө таасирин тийгизген.

Өсүмдүк өстүрүү продукциясынын өндүрүшүнүн 1,3 %га өсүшү картошка өндүрүшүнүн 3,6 %га, мөмө-жемиштердин – 22,3%га, жашылчалардын – 11,2%га, бакча өсүмдүктөрүнүн – 17,2 %га көбөйүшүнүн эсебинен болгон.

Учурда республиканын аймагында талаа иштери активдүү уланууда. 2025-жылдын 10-сентябрына карата оперативдүү маалыматтар боюнча, жалпы 678,4 миң гектар аянтка эгилген дан эгиндеринин 461,4 миң гектары жыйналып, бул   68,0 %ды түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 миң гектарга жогору. Мында, жалпы 247,6 миң гектар аянтка эгилген буудайдын 220,1 миң гектары жыйналып, 2024-жылга караганда 0,3 миң гектарга көп болгон жана дүң жыйым 488,8 миң тоннаны түзгөн; 249,3 миң гектар аянтка эгилген арпанын 226,2 миң гектары жыйналып, 2024-жылга караганда 15,0 миң гектарга көп болгон жана  дүң жыйым – 645,8 миң тоннаны түзгөн; 111,6 миң гектар аянтка эгилген жүгөрүнүн 9,3 миң гектары жыйналып, дүң жыйым – 68,0 миң тоннаны түзгөн.

Айыл чарба тармактарын каржылоо боюнча мамлекеттик колдоо уланууда. 2025-жылдын 28-августуна карата "Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоорунун алкагында республиканын 6348 айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 3 982,07 млн сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилген, анын ичинде: "мал чарбасы" тармагы боюнча 5304 субъектке 3282,49 млн сом; "өсүмдүк өстүрүү" тармагы боюнча 898 субъектке 441,02 млн сом; "суу үнөмдөөчү технологиялар" тармагында 24 субъектке 17,0 млн сом; "лизинг" тармагында 122 субъектке 241,56 млн сом берилген. Бул долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК 5,0 млрд сом көлөмүндөгү насыялоо менен катышууда.

Ички дүң продукцияны (ИДП) түзүүгө айыл чарба өндүрүшүнүн салымы 0,20 пайыздык пунктту түздү. ИДПнын өндүрүш структурасында айыл чарбасынын үлүшү 8,1%ды түзгөн.

Курулуш. 2025-жылдын январь-августунун жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 166,1   млрд сомду түзүп, 20,1%га өстү (2024-жылдын январь-августунда 55,2 %га өскөн).

2024-жылдын январь-августуна салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын (29,4 %га) өсүшүнүн эсебинен камсыздалды, ошол эле убакта тышкы булактардын көлөмү тескерисинче  төмөндөдү. 

2025-жылдын январь-августунда инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 85 %дан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.

Экономиканын капиталдаштыруунун олуттуу өсүшү төмөнкү факторлор менен шартталган: 

  • “Менин үйүм” программасынын алкагында турак жай курулушунун көлөмүнүн көбөйүшү;
  • байланыш тармактарын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого инвестициялардын көбөйүшү, анын ичинде мобилдик байланыш операторлору – ЖАК “Альфа Телеком” (MegaCom бренди) жана ЖЧК “Нур Телеком” (О! бренди) тарабынан жаңы базалык станцияларды куруу;
  • билим берүү объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү;
  • Бишкек жана Ош шаардык мэриялары тарабынан шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын көбөйүшү;
  • спорт объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү;
  • өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө болгон инвестициялардын өсүшү.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнө жараша, 2025-жылдын январь-август айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 177,5 млрд сомду түзүп, 34,8 %га көбөйдү (2024-жылдын январь-августунда өсүш 35,3 % болгон).

Курулуш секторунан ИДПга оң салым 2,14 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 7,5 %ды түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө басымдуу үлүштү ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салымды камсыз кылууда. 2025-жылдын январь-август айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң продукциясынын көлөмү 808,6 млрд сомду түздү жана 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,9 % га көбөйдү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жогорку өсүшү кредиттөөнүн көлөмүнүн көбөйүшү (2025-жылдын январь-июль айларында керектөө кредиттеринин көлөмү 45,3%га өскөн), калктын кирешесинин көбөйүшү менен шартталган (2025-жылдын январь-июль айларында орточо айлык эмгек акынын номиналдык өлчөмү 20,4 %га өскөн; 2025-жылдын январь-июль айларында пенсиянын орточо өлчөмү 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 14,2 %га көбөйгөн).

Кызмат көрсөтүүчү экономика тармактарынын түзүмүндө эң көп үлүштү дүң жана чекене соода – 33,0 %, транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо кызмат көрсөтүүлөрү – 9,1 % жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү – 10,2 % ээлейт.

Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2025-жылдын январь-август айларында 267,0 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 117,1 % түздү. Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүлөрүнүн 2024-жылдын январь-августуна салыштырмалуу өсүшү дүң (0,7 %га) жана чекене сооданын (20,3 %га) көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалды.

2025-жылдын январь-август айларында транспорттук ишмердиктин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 73,9 млрд сом суммасында түзүлдү жана 7,7 %га көбөйдү. Транспорттун бардык түрлөрү менен 36,0 млн тонна ар кандай жүк ташылган, бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 9,8%га көп. Ошондой эле республиканын ташуучулары тарабынан 405,0 млн жүргүнчү ташылган, бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине караганда 8,2 %га көп.

2024-жылдын январь-августуна салыштырмалуу мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 2025-жылдын январь-август айларында 25,9% га өсуп, 33,6 млрд сомду түздү.

Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 40,5 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 106,5 % түздү. 

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 4,97 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 50,7 %ды түздү.

Керектөө бааларынын индекси 105,1 %ды түздү (2025-жылдын август айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2025-жылдын январь-августу 2024-жылдын январь-августуна карата) 107,8 %ды түздү. 

Мында баалар тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 7,0 %га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 4,7 %га, азык-түлүк эмес товарларга - 3,0 %га жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери - 3,2 %га жогорулады. 

Бул мезгилде жаңы бышкан жемиштердин (35,6 %га), картошканын (19,9 %га), балыктын (16,5 %га), өсүмдүк майынын (11,4 %га), жаңы союлган эттин (11,0 %га), анын ичинен кой этинин (17,3 %га), жылкы этинин (11,9 %га), уй этинин (10,3 %га), жаңы бышкан жашылчалардын (10,7 %га), ундун (4,5 %га), ак каймак майдын (3,7 %га) жана кумшекердин (1,9 %га), бааларынын  жогорулашы катталган.

Муну менен катар, тоок жумурткасынын (13,7 %га), куюлуп сатылуучу сүттүн (7,8%га), малдын тоң майынын (3,7 %га) жана күрүчтүн (1,1 %га) бааларынын төмөндөшү белгиленди. 

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (6,5 %га) Чүй облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын (9,6 %га) жогорулашы менен шартталды. Баалардын максималдуу өсүшү алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (9,7 %га) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (4,5 %га) Ысык-Көл облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерине (8,2 %га) Талас облусунда катталды.

2025-жылдагы баа динамикасы ички суроо-талап жана тышкы факторлор (глобалдык азык-түлүк инфляциясы, логистикага дүйнөлүк баалардын өсүшү) тарабынан өсүп жаткан басымды чагылдырат.

Баалардын калыптанышына төмөнкү факторлор таасир эткен: 

  • тамак-аш азыктарына баалардын өсүшү, негизинен азык-түлүк товарларына (мөмө-жемиштерге) баалардын сезондук олку-солку болушу менен шартталган;
  • ички рыноктун ун, өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк товарларына болгон импортко көз карандуулугу, ошондой эле дүйнөлүк тенденция (өсүмдүк майы, эт, кантка болгон баалардын өсүшү жана жогорку импорттук суроо-талап менен бекемделген) азык-түлүк бааларына таасир берүүдө. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Азык-түлүк бааларынын индекси 2025-жылдын август айында орточо 130,0 пунктту түздү, бул 2024-жылдын август айындагы көрсөткүчтөн 8,4 пунктка (6,9 %) жогору. Август айында эттин баасынын өсүшү рекорддук деңгээлге жетип, 128,0 пунктту түздү, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 5,9 пунктка (4,9 %) жогору; 
  • электр энергиясынын негизги тарифинин жогорулашы (+23,6 %, 700 кВт/сааттан жогору колдонууда – дагы +8,2 %) коммуналдык тармакта жана өндүрүш чынжырларында баалардын өсүшүнө алып келди (ТКЖ тармагында +7,1 %).
  • калктын акчалай кирешелеринин эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнөн алдыга озуп өсүшү (номиналдык жана реалдуу эмгек акылардын олуттуу жогорулашы). 2024-жылы орточо айлык номиналдык эмгек акы 14,1 %га өскөн, ал эми реалдуу өсүш 8,6 %ды түзгөн. 2025-жылдын январь–июль айларында орточо эмгек акы 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,4 %га жогорулаган, ал эми реалдуу өсүш – 12,0 %. Ошондой эле, 2025-жылдын январь–июнунда жеке адамдардын чек ара аркылуу жөнөтүлгөн акча каражаттарынын таза агымы 2024-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 26,2 %га көбөйгөн;
  • логистика жана импорттун кымбатташы: Казакстанда темир жол ташууларына болгон тарифтердин жогорулашы (+16 %, андан соң дагы +35 %), ошондой эле Россия Федерациясында КНСтин 20 %дан 22 %га көтөрүлүшү;
  • 2025-жылдын январь-август айларында күйүүчү-майлоочу майлардын (бензин – 5,6%, дизель – 5,0%) баасынын өсүшүнө мезгилдик суроо-талап, Россия Федерациясында экспорттун чектелиши (Россия Федерацияся 2025-жылдын август-сентябрь айларында өлкө ичинде тартыштыкты болтурбоо үчүн айрым мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салган. Бул Кыргызстан өзгөчө келишимдердин алкагына кирсе да, импорттук бааларга таасирин тийгизет);
  • турак жай жана курулуш материалдарынын баасынын өсүшү (+8–10 %) – бул суроо-талаптын жогорулашы жана курулуш материалдарынын (анын ичинде импорттолгон) кымбатташы менен байланыштуу
  • кредит берүүнүн көлөмүнүн өсүшү: 2025-жылдын январь–июлунда керектөөчүлүк насыялардын көлөмү 45,3%га көбөйгөн, ал эми 2023-жылга салыштырмалуу 2,6 эседен ашкан, бул да бааларга кошумча басым көрсөтүүдө
  • калктын инфляция боюнча жогорку күтүү деңгээли сакталып калууда. 

                 Керектөө бааларынын туруктуулугун сактоо максатында 2025-жылга карата социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына болгон баалардын өсүшүн ооздуктоо боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы кабыл алынып (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-февралындагы №72-р буйругу), анын аткарылышы активдүү мониторингден өткөрүлүүдө.

Абалды турукташтыруу максатында 2025-жылдын 31-январынан тартып Кыргызстанда айыл чарба жаныбарларын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого уруксат берүү убактылуу токтотулган. Бул чара ири жана майда мүйүздүү малды, ошондой эле аттарды камтыйт. Аталган чара экспорттун көлөмүн кыскартууга шарт түзгөнү менен, 2025-жылы эт продукцияларынын баасы өсүүнү уланткан. Бул керектөө рыногундагы инерциялык жүрүм-турум менен түшүндүрүлөт: базар катышуучулары мурдагы жылдын аягында калыптанган бааларды сактап калууга же инфляциялык күтүүлөрдүн негизинде жогорулатууга умтулушат.

Калыптанып жаткан инфляциялык кырдаалды эске алуу менен, 2025-жылдын 11-августунан тартып 90 календардык күнгө уй жана кой этине (сөөксүз этти кошпогондо) убактылуу мамлекеттик бааны жөнгө салуу киргизилди. Бул чара эт азыктарына баанын негизсиз өсүшүн алдын алуу жана калк үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акча-кредит саясатынын алкагында ички жана тышкы инфляциялык факторлорду баалоону улантууда. Бул факторлорду талдоонун негизинде, өлкөдө орто мөөнөттүү мезгилде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банк эсептик ченди 25 базалык пунктка жогорулатып, 9,25 % деңгээлине чейин көтөрдү.

Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-июль айларында 42 522 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,4 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 12,0 %га өстү. 

2025-жылдын январь-июлунда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы 2024-жылдын январь-июлуна салыштырганда экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.Алардын эң олуттуу жогорулашы кыймылсыз мүлк операциялары (39,9 %), курулушта (39,4 %), административдик жана көмөкчү ишмердик (30,3 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (28,4 %), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (27,9 %), мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги (26,8 %), мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо (24,7 %),  финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (21,7 %), ошондой эле башка тейлөө ишмердиги (21,7 %) чөйрөлөрүндө болду. 

Тышкы жана өз ара соода. 2025-жылдын январь-июль айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 8,7 млрд. АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,4 %га төмөндөдү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү – 17,2 %ды, импорттуку - 82,8 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу төмөндөшү экспорттук жөнөтүүлөрдүн жана импорттук келип түшүүлөрдүн кыскарышына байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,3 %га азайып, 1,5 млрд. АКШ долларын түздү.

Ал эми импорттолгон товарлардын көлөмү 7,2 млрд. АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,8 %га төмөндөдү. Импорттун төмөндөшү үчүнчү өлкөлөрдөн товарлардын кеңири ассортиментинин, анын ичинде автомобилдердин, тиричилик техникаларынын, жабдуулардын жана фармацевтикалардын  жана ошондой эле трикотаж кездемелери жана жеңил өнөр жай продукцияларынын (кийим-кече жана кийимге тийиштүү буюмдар) келип түшүү   көлөмүнүн кыскарышы менен шартталган.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-июлунда 2,9 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,2 %га жогорулады. Экспорттук жөнөтүүлөр 23,1 %га азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр 12,5 %га көбөйдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,6 %) жана Казакстанга (32,2 %) туура келди. Республиканын товар жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодага 33,6 %, экспортко 38,0 %, импортко 32,7 % туура келди. 

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 5,7 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 %га азайды. Республиканын товар жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы соода 66,4 %ды, экспорт 62,0   %ды, импорт 67,3 %ды түздү.


Онлайн кайрылуу