Кыргызстандагы венчурдук рыноктун келечеги боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Новости
19-Сентябрь 2025-ж.
124

Эл аралык финансылык корпорация (IFC) #КРЭКМ менен биргеликте венчурдук каржылоо жана альтернативдүү инвестициялар маселелерине арналган тегерек стол уюштурду.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаева кайрылуусунда сөзү менен чыгып, венчурдук каржылоо жана альтернативдүү инвестициялар – бул ишкерлерди колдоонун жана стартап-экосистеманы өнүктүрүүнүн негизги куралы болуп саналарын белгиледи. 

Ошондой эле ал бул инструмент инновацияларды киргизүүгө жана өлкө экономикасына жаңы капитал булактарын тартууга жардам берерин айтты.

Мындан тышкары, КР МинКаб венчурдук фонддордун, инвесторлордун жана ишкерлердин ачык-айкын жана ыңгайлуу иштөөсүнө өбөлгө түзгөн заманбап укуктук-нормативдик базаны түзүү боюнча иш алып барып жатканын белгиледи.

Тегерек столдун программасынын алкагында IFCнин адистери:

 1. Кыргызстандагы стартаптар жана ишкердик экосистемасы боюнча кыскача серепти;

 2. Альтернативдүү инвестициялар жаатындагы учурдагы укуктук-нормативдик базанын талдоосун;

 3. Өлкөдө венчурдук каржылоону өнүктүрүүгө багытталган альтернативдүү инвестициялар боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын сунушташты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык адистер, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар Кыргызстанда венчурдук рынокту өнүктүрүүдөгү негизги чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле стартаптар менен инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү перспективаларын талкуулашты.

Онлайн кайрылуу