Кыргызстан дүйнөлүк текстиль жана тигүү тармагындагы ири аянтчалардын бири болгон Texworld Apparel Sourcing эл аралык көргөзмөсүндө улуттук павильон аркылуу сунушталды, анда Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын продукциясы көрсөтүлдү.
Көргөзмөнүн ишкердик программасынын алкагында «Кыргыз Экспорт» борборунун экспортту илгерилетүү бөлүмүнүн эксперти Руслан Каримов панелдик сессияда «Kyrgyz Republic: A New Player in Sustainable Fashion» темасында презентация жасады.
Өз сөзүндө ал кыргызстандык текстиль тармагынын жетишкендиктери, улуттук өндүрүүчүлөрдүн потенциалы жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Кыргызстандын павильонун Кыргызстандын Франциядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз кыдырып өттү.
Көргөзмөгө төмөнкү улуттук компаниялар жана бренддер катышты:
• “Cool Group” ЖЧКсы
• “Textrend” ЖЧКсы
• “Ago Instyle” ЖЧКсы
• “Textil Trans” ЖЧКсы
• “Danababy” бренди
• “Raima” ЖЧКсы
• “Chapansar” бренди
• “Mona Miss” ЖЧКсы
• “Aliya” ЖЧКсы
• “Barkhat” бренди
• “Cut a Dush” бренди
• “Toolor” бренди
• “Elvira Brand” бренди
• “Sannara” бренди