Кыргызстандын улуттук бренддери дүйнөнүн ири аянтчасында көрсөтүлдү

Новости
18-Сентябрь 2025-ж.
67

КР ЭКМ караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору дүйнөдөгү эң ири аянтчалардын бири болгон «MIHAS 2025» көргөзмөсүнө кыргыз компанияларынын катышуусун уюштурду.

Кыргызстандын улуттук стенди ар жылы дүйнөнүн миңдеген өндүрүүчүлөрүн, дистрибьюторлорун жана эксперттерин чогулткан абройлуу MITEC Эл аралык соода-көргөзмө борборунда өтүп жаткан көргөзмөнүн программасынын жаркын бөлүгүнө айланды.

«Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин жана Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилигинин колдоосу менен кыргыз өндүрүүчүлөрү өздөрүнүн продукциясын эл аралык аудиторияга сунуштап, жаңы бизнес байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Катышуунун башкы максаты – улуттук өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эл аралык соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана халал-стандарттарына ылайык продукцияны дүйнөлүк рынокторго жылдыруу.

Көргөзмөдө сунушталган кыргыз өндүрүүчүлөрдүн продукциялары:

- «Бал Аары» ЖЧКсы

- «ASSA Group» ЖЧКсы

- «Айбарс» бренди 

- «Кайнар Айскрим» ЖЧКсы

- «Адал Азык» ЖЧКсы («Тойбосс» бренди)

- «Салих ЛТД» ЖЧКсы

- «Шоро» ААКсы

Онлайн кайрылуу