Кыргызстан WorldFood Moscow 2025 көргөзмөсүндө экспорттук потенциалын чыңдоодо

Новости
18-Сентябрь 2025-ж.
42

Москва шаарында дүйнөдөгү эң ири эл аралык азык-түлүк көргөзмөлөрүнүн бири — WorldFood Moscow 2025 көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Бул иш-чара салттуу түрдө ондогон өлкөлөрдөн алдыңкы өндүрүүчүлөрдү, экспортёрлорду жана дистрибьюторлорду чогултуп, азык-түлүк жана агроөнөр жай тармагындагы жаңы багыттарды аныктайт.

Быйыл Кыргызстан көргөзмөгө кеңири улуттук стенд менен чыгып, анда 24 экспортко багытталган компания өз продукциясын сунуштады. Келген конокторго табигый ширелерден, бал жана шоколаддан тартып, эт жана сүт азыктарына, экологиялык таза айыл чарба продукцияларына жана ал тургай текстилге чейин кеңири ассортимент сунушталды.

Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн катышуусунун максаты — улуттук продукцияны россиялык жана эл аралык рыноктордо жайылтуу, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн чыңдоо жана жаңы ишкердик өнөктөштөрдү табуу.

Кыргызстандын улуттук стендинин ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин катышуусунда өттү.

Өз продукцияларын сунуштаган компаниялар:

 1. «Агро Индустрия» ЖЧКсы

 2. «Памир» ЖЧКсы

 3. «АТА ЛТД» ЖЧКсы

 4. «Алайку Органикс» ЖЧКсы

 5. «ОСКО» ЖЧКсы

 6. «ШоколадкА» ЖЧКсы

 7. «Tatмал групп» ЖЧКсы

 8. «Нуристан» ЖЧКсы

 9. «АБАДА Трейд» ЖЧКсы

 10. «Юнайтед Фуд Альянс» ЖЧКсы

 11. «Тойбосс» ЖЧКсы

 12. «Абдыш-Ата» ЖЧКсы

 13. «Эко Сок» ЖЧКсы

 14. «Атаман Кей Джи» ЖЧКсы

 15. «Бал Ширин» ЖЧКсы 

 16. «Дан Агро Продукты» ЖЧКсы

 17. «Ат-Башинский мясокомбинат» ЖЧКсы

 18. «Жайыл Милк» ЖЧКсы

 19. «Экопродукт Азия» ЖЧКсы

 20. «Даймонд Гласс» ЖЧКсы

 21. «Lucky Socks» ЖЧКсы

 22. «Конурат-Трейд» ЖЧКсы

 23. «ПродИмпекс» ЖЧКсы

 24. «МЭЗ Альфа» ЖЧКсы

Онлайн кайрылуу