Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жана Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышышты.
Жыйындын жыйынтыгында ЕЭК Кеңеши Бирликтин ичиндеги интеграцияны өнүктүрүүгө жана бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар чечимдерди кабыл алды:
- ЕАЭБдин «Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптары жаңыртылып, алар Европа Бирлигинин Регламенти (ЕС) № 1223/2009га шайкеш келтирилди. Бул Союздун рыногун тыюу салынган продукциядан коргоого жана импорттук-экспорттук процедураларды жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет;
- «Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентке өзгөртүүлөр киргизилип, алар Комиссия Кеңешинин № 44 типтүү чечимдерине ылайык сертификациялоо жана декларациялоо схемаларын бирдикке келтирет;
- ЕАЭБде стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо Тартиби кайра каралып чыкты: эми пландоодо техникалык регламенттердин илимий-техникалык деңгээлинин милдеттүү баалоосунун жыйынтыктары эске алынат жана стандарттарды иштеп чыгуунун кайталоосу жокко чыгарылат;
- Дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелери такталып, өтүү мезгилиндеги укуктук белгисиздик жоюлат жана улуттук каттоо күбөлүктөрүнүн мөөнөтүн узартууга жол ачылат;
- Өнөр жайдык менчик объектилери боюнча бирдиктүү издөө сервисин түзүү тууралуу макулдаштыктын долбоору жактырылды. Бул бизнес, укук ээлери жана мамлекеттик органдар үчүн «бирдиктүү терезе» принциби боюнча маалыматка ыңгайлуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
- ЕАЭБдин илимий-техникалык өнүгүүсүнүн Стратегиялык программасы ишке ашырууга сунушталды. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров демилгелеген компетенциялар борборлорун түзүү жана биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук долбоорлорду кеңейтүү камтылган.
Мындан тышкары, жыйында 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашыруу жана кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизмин агроөнөр жай комплекси жана анын инфраструктурасына жайылтуу сунуштары талкууланды.