«Ынтымак Ордо» комплексинде КР Мин Каб Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаевдин жетекчилиги алдында өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов да катышты.
Жыйында негизги максат – инвестициялык активдүүлүктү жогорулатуу жана текстиль менен айыл чарба тармактарын өнүктүрүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу болду.
Катышуучулар «Текстиль Транс» ЖЧК учурдагы милдеттенмелерин кайра каржылоо маселелерин карап чыгып, пахта кластериндеги учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, чийки зат базасын камсыз кылуу жана рыноктук кырдаалды турукташтыруу боюнча чечимдерди издөөгө өзгөчө көңүл бурушту.
Кеңешке эки негизги долбоор:
• «Текстиль Транс» ЖЧКсынын 11,2 млн АКШ долларына бааланган милдеттенмелерди кайра каржылоо жана өндүрүштү кеңейтүү;
• Жылына 6,5 миң тонна чийки пахтаны кайра иштеп чыгып, 4,5 миң тоннага чейин жип чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турган пахта ийрүү фабрикасын куруу сунушталды.
Жыйындын жыйынтыгында Координациялык кеңеш төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:
• долбоорлордун ишке ашырылышына каржылык көзөмөлдү күчөтүү;
• экономикадагы кошумча тармактардагы ишкерлерди колдоого багытталган эксперттик план даярдоо;
• долбоордук каржылоо инструменттерин активдүү киргизүү;
• чийки зат базасын түзүү жана рыноктук бааларды жөнгө салуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу;
• айыл чарба жана текстиль тармактары баш болгон артыкчылыктуу тармактарды системдүү өнүктүрүү.
Кабыл алынган чечимдер «пахта – текстиль» өндүрүш чынжырын комплекстүү өнүктүрүүгө, экспортту көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Бул кадамдар аймактардын экономикалык потенциалын бекемдөөгө жана Кыргызстандынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.