ТМУнун эл аралык туризм форуму: Медер Туманов 2030-жылга чейин туризмди өнүктүрүү стратегиясын сунуштады

Новости
16-Сентябрь 2025-ж.
57

2025-жылдын 15-сентябрында Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Эл аралык туристтик форуму башталды. Форум туруктуу туризмди өнүктүрүүгө, түрк өлкөлөрүнүн туристтик потенциалын илгерилетүүгө жана тажрыйба алмашууга арналды.

Форумга Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Венгриянын мамлекеттик органдарынын, туристтик бизнесинин, эл аралык уюмдарынын жана эксперттик чөйрөлөрүнүн 150дөн ашуун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын уюштуруучулары катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы чыгышты.

Катышуучуларга саламдашуу сөздөрүн ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана башкалар жолдошту. Алар өз сөздөрүндө форумдун түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү үчүн туризм тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүдөгү маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Тумановдун сөзү пленардык жыйында негизги баяндамалардын бири болду. Ал туризм түрк дүйнөсүнүн элдеринин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөнүн маанилүү фактору экенин белгилеп, Кыргызстан 2025–2030-жылдарга арналган Туруктуу туризмди өнүктүрүү программасын ырааттуу ишке ашырып жатканын айтты. Бул программа туризмдин ИДПдагы үлүшүн 7%га жеткирүүнү, өлкөнүн дүйнөлүк атаандаштык рейтингинин алдыңкы 50 өлкөсүнө кирүүсүн жана туристтер агымын жыл сайын 10%га көбөйтүүнү камтыйт. «Биз туризмди жөн гана экономикалык тармак катары эмес, түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсү катары карайбыз. Программанын ишке ашырылышы Кыргызстанды дүйнөнүн ар тарабынан келген туристтер үчүн жагымдуу борборго айландырууга багытталган», – деп баса белгиледи Медер Туманов.

Пленардык жана секциялык жыйындарда туруктуу туризм жана «жашыл экономика», түрк мамлекеттеринин бирдиктүү туристтик мейкиндигин түзүү, жаңы туристтик продуктуларды иштеп чыгуу, приключенческий туризмди өнүктүрүү, ошондой эле региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүдөгү медианын ролу сыяктуу маселелер талкууланды.

Форумдун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров 2023-жылы Астанада өткөн ТМУнун саммитинде көтөргөн демилгесинин негизинде Жалал-Абад шаарына «2025-жыл – түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору» наамы ыйгарылганы белгиленди. Бул чечим шаар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда: эл аралык фестивалдарды жана жарманкелерди өткөрүү, маданий жана тарыхый мурасты таанытуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык туристтик имиджин чыңдоо.

Биринчи күндүн жыйынтыгында форумдун катышуучулары туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын тастыктап, туруктуу өнүгүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана Кыргызстанды түрк дүйнөсүндөгү негизги туристтик багыт катары таанышты.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тарап катышуучуларды 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.

Онлайн кайрылуу