Кыргызстанда легалдаштырылган автоунааларды пайдаланууга чектөөлөр бар экендиги эскертилди

Новости
11-Сентябрь 2025-ж.
263

Социалдык тармактарда жана жарнамалык пабликтерде Кыргызстандын 10-регион болуп легалдаштырылган автотранспорт каражаттарын ишеним кат аркылуу кайтадан катоо мүмүкүнчүлүгү бар экендиги тууралуу так эмес маалыматтар таралууда.

Транспорт каражаттары менен мыйзамсыз бүтүмдөрдүн алдын алуу жана укук тар-тибин камсыз кылуу максатында КР МинКаб 2025-жылдын 21-июлунда №435 токтомуна кол койду «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт каражатта-рын каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

Токтомдун 2-пунктуна ылайык, Убактылуу тартипте легалдаштырылган автотранс-порт каражаттарын ээликтен ажыратууга, өлкөдөн тышка чыгарууга жана башка адамдар-га башкаруу укугун өткөрүүгө тыюу салынат. 

Бул чектөөлөргө байланыштуу маалымат электрондук базага киргизилип, ар кандай каттоо жана регистрация иштеринде текшерилет.

КР ЭКМ жарандарды эскертет: Убактылуу тартип менен легалдаштырылган авто-транспорт каражаттары ээликтен ажыратууга (сатып алуу-сатуу, алмаштыруу, белек кы-луу, тартуулоо, мураска калтыруу), өлкөдөн тышка чыгарууга, башкаруу укугун үчүнчү жактарга ишеним кат аркылуу өткөрүүгө жатпайт.

Жогорудагы бүтүмдөрдү жасоого чакырган же сунуш кылган жеке адамдардын ара-кеттери мыйзамсыз болуп эсептелет.


Онлайн кайрылуу