Чек арадагы санариптик трансформация

Новости
10-Сентябрь 2025-ж.
337

Кыргызстан–Өзбекстан чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктунда электрондук кезек башкаруу системасын киргизүүгө арналган жогорку деңгээлдеги иш-чара өттү. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик органдар менен биргеликте соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча ишин улантууда.

Көрүлүп жаткан чаралардын негизги максаты – чек арадан өтүүдө убакытты жана чыгымдарды кыскартуу, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана товарлардын эркин жүрүшүнө шарт түзүү болуп саналат. Бул өз кезегинде соода агымдарынын өсүшүнө жана экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Транспорт каражаттарынын агымын электрондук башкаруу системасын көзөмөл-өткөрмө пункттарында киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чек арадагы тыгындарды жана кечигүүлөрдү жоюунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган.

2024-жылдын ноябрь айында аталган система пилоттук режимде «Кызыл-Кыя автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда ишке киргизилип, жогорку натыйжалуулугун көрсөттү: жүк ташуучу унаалардын топтолушу жоюлуп, алдын ала каттоо, күтүү зонасындагы бөлүштүрүү жана кезектүүлүктү так сактоо аркылуу кыймыл тартипке келтирилди. Бул өз кезегинде баш аламан күтүү абалынан пландалган жана алдын ала божомолдонгон чек арадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берип, кошуна жолдорго түшкөн жүктү азайтып, тартипти жогорулатты.

Пилоттук долбоордун жыйынтыктары анын максатка ылайыктуулугун ырастап, тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкан тараптардын административдик жана логистикалык чыгымдарын кыйла кыскартканын көрсөттү. Кол жеткен жыйынтыктарды эске алуу менен система эми «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктунда масштабдуу түрдө ишке киргизилип жатат.

Искендер Асылкулов системанын киргизилиши ишкерлик чөйрөнү жакшыртууда маанилүү кадам экенин белгилеп:

«Система жол-жоболорду жөнөкөйлөтүп, бизнес жана ташуучулар үчүн чыгымдарды азайтууга, ошондой эле соода процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул экономикабыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган санариптик трансформациянын кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат» - деди. 

Иш-чаранын жыйынтыгында министрдин орун басары долбоорду ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөткөнү үчүн Эл аралык соода борборунун рынокторду өнүктүрүү департаментинин директору Мондэр Мимунини Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Электрондук кезек башкаруу системасынын киргизилиши Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы, Европа Биримдиги жана Эл аралык соода борборунун тыгыз өнөктөштүгүнүн жыйынтыгында ишке ашырылды.

Онлайн кайрылуу