Кыргызстанда бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселелердин бири – мектептердин жетишсиздиги. Учурдагы билим берүү мекемелери ашыкча жүктөлгөн, айрым аймактарда таптакыр жок. Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чоң-Арык айылында бир да мектеп жок, бул жергиликтүү тургундар үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда.
Коомдук инфраструктуранын деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагынан элдин социалдык муктаждыктары үчүн жер участокторун Президенттин чечими менен бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга «Коом талкуу» порталында жайгаштырылды.