Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөнүн аймактарында туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган улуттук долбоор ишке ашырылууда.
«Өлкө боюнча 40 райондо 40 туристтик объект» аттуу долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангельдиевдин 2025-жылдын 14-январындагы №18-262 протоколдук тапшырмасынын негизинде жүзөгө ашырылууда.
2025-жылы долбоор жалпы 63 туристтик объектти, анын ичинде:
• туристтик маалымат борборлорун,
• кемпингдерди,
• көрүү аянтчаларын,
• музейлерди,
• эс алуу аймактарын камтыйт.
Учурда 41 туристтик объект пайдаланууга берилди, дагы 22 объект ачууга даярдалууда.
Долбоордун максаттары:
• өлкө боюнча туризмди туруктуу өнүктүрүүнү,
• жаңы жумуш орундарын түзүүнү,
• чакан жана орто бизнести колдоону,
• маданий жана табигый мурастарды сактоону,
• туристтик секторго инвестицияларды тартууну камтыйт.
Долбоорду координациялоону #КРЭКМ караштуу Туризм департаменти жүргүзөт.