Кыргызстандын ШКУдагы артыкчылыктары — сооданы санариптештирүү жана чек ара аралык электрондук коммерция

Новости
08-Сентябрь 2025-ж.
141

Министрдин орун басары Султан Ахматов Владивостокто өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчө мамлекеттеринин тышкы экономикалык жана тышкы соода иштери үчүн жооптуу министрлеринин 24-Жыйынында көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо координацияланган аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы сооданы санариптештирүү, чакан жана орто ишканалардын чек аралык электрондук коммерцияга катышуусун кеңейтүү демилгелерин активдүү колдоп, туруктуу экономикалык өсүштүн булактарынын бири катары креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө салым кошорун баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар мүчө мамлекеттердин негизги эл аралык соода маселелерине байланыштуу жалпы позициясын чагылдырган Биргелешкен билдирүүнү кабыл алып, ШКУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багыт алышты.

Кыргыз Республикасы ШКУ ишине активдүү катышууну улантып, өз ара пайда жана туруктуулук принциптерине негизделген тең салмактуу жана инклюзивдүү экономикалык күн тартибин өнүктүрүүнү колдойт.

Онлайн кайрылуу