#КРЭКМ: Чет өлкөлүк номурлар менен жүргөн унаалар боюнча маалыматтарга байланыштуу расмий түшүндүрмө

Новости
04-Сентябрь 2025-ж.
290

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакировдун чет өлкөлүк номурлар менен жүргөн унаалар боюнча билдирүүсү боюнча бир катар ЖМКларда жарыяланган маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398-ЖП жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-апрелинен тартып өлкө аймагында чет өлкөлүк каттоо номурлар менен жүргөн автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу боюнча кампания жүрүп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата белгиленген тартипте 8,5 миңден ашуун унаа мыйзамдаштырылды, анын ичинде Россия Федерациясынын, Армения Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн номурлары менен жүргөн унаалар бар.

Кампаниянын мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин уланат.

Мыйзамдаштыруу үчүн төлөнүүчү жыйымдын көлөмү төмөнкүдөй:

 • Кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб. см чейин болгон унаалар үчүн — 50 000 сом (500 эсептик көрсөткүч);

 • Кыймылдаткычынын көлөмү 2001 куб. см жогору унаалар үчүн — 100 000 сом (1000 эсептик көрсөткүч).

Ушуга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөлүк номурлар менен жүргөн унаалардын (анын ичинде Россиядан алып келинген унаалардын) ээлерине 2025-жылдын 1-октябрына чейин унааларын жооптуу мамлекеттик органда мыйзамдаштырып каттоодон өткөрүүгө же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып кетүүгө чакырат.

Министрлик белгилегендей, кампания аяктагандан кийин мыйзамдаштырылбаган унааларды пайдалануу учурдагы мыйзамдарды бузуу катары каралат.

Онлайн кайрылуу