Кыргызстан менен Кытай экономикалык кызматташтыкты чыңдашууда: бир катар стратегиялык маанилүү документтерге кол коюлду

Новости
02-Сентябрь 2025-ж.
90

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында кыргыз-кытай кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол койду. Кол коюу Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын Саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында жүзөгө ашты.

Кол коюлган документтер:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы гранттык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Бедель» автожол көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу жана техникалык жабдуу боюнча долбоордун технико-экономикалык негиздемесин жүргүзүү жөнүндө макулдашууну (кат алышуу жолу менен түзүлгөн);

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине  караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкы башкармалыгы (SAMR) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду камтыйт.

Аталган келишимдер соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана стандартташтыруу менен техникалык жөнгө салуу тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

 

Онлайн кайрылуу