Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов БАРЭК мүчөлөрүнөн CARTIF текстине берилген комментарийлерди, институционалдык механизмдерди жана CARTIF боюнча кийинки процедураларды «Соода жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча БАРЭК өнөктөштүгү (CARTIF)» семинарынын жүрүшүндө талкуулады. Ошондой эле БАРЭК министрлер конференциясына арналган «CARTIF боюнча министрлердин билдирүүсү» долбоору каралды.
Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен уюштурулду. Ага БАРЭК кирген 10 өлкөнүн делегациялары, ошондой эле эл аралык эксперттер, АӨБ жана ЭСКАТО кызматкерлери жана консультанттары катышышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөлөрдүн CARTIFтин артыкчылыктуу протоколдоруна кошулуу жана CARTIF боюнча министрлер декларациясына кол коюу боюнча кызыкдар экендигин билдиришти.
Эске салсак, CARTIF демилгеси стратегиялык мүнөзгө ээ болуп, тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтууга, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, соода эрежелеринин ачык-айкындыгын жана алдын ала божомолдоону камсыз кылууга, санариптик сооданы жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Бул өз кезегинде экономиканын диверсификациясына жана аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.