Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында өлкөнүн бардык аймактарында бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 67 өнөр жай объектиси ишке киргизилди. Жаңы ишканалардын ар бири өнөр жайдын, аймактардын инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө олуттуу салым кошот.
Бул масштабдуу долбоор экономиканы диверсификациялоого, инвестицияларды тартууга жана жаңы өнөр жай борборлорун түзүүгө багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун уландысы болуп калды.
Ишке киргизилген ишканалар курулуш материалдарын өндүрүү, электр энергиясы, тамак-ашты кайра иштетүү, фармацевтикалык продукция, жеңил өнөр жай, соода-логистикалык борборлор, тоо-кен казып алуу жана башка тармактарды камтыйт.
Алардын ишке кириши атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын өндүрүшүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялардын жалпы көлөмү 222,5 миллион АКШ долларын түздү, анын ичинен 205,8 миллион доллары (92,5%) – ички салымдар жана 16,7 миллион доллары (7,5%) – чет элдик салымдар. Бул ишканалардын ишке кириши менен 5 456 жумушчу орун түзүлдү.
Өткөн жылы бул маанилүү датада 40 өнөр жай ишканасы ачылып, бул улуттук экономиканын өнүгүшүндө маанилүү кадам болгон.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 585,2 млрд сомду түзүп, физикалык көлөмүнүн индекси 105,5 % болду.
2025-жылдын 7 айында 374,6 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмүнүн индекси 111,3 пайызды түздү. Бул маалыматтар республиканын өндүрүш секторунун туруктуу өсүшүн тастыктайт.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, өнүктүрүү фонддору жана банктар менен биргеликте долбоорлорду ишке киргизүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.
Бул маанилүү долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ишкерлердин, инвесторлордун, финансы институттарынын жана мамлекеттик органдардын биргелешкен аракеттеринин аркасында ишке ашты.
Бул күн экономиканы диверсификациялоо жана туруктуу жана инновациялык өнөр жай секторун түзүү боюнча стратегияны ишке ашырууда маанилүү этап болуп калды. Жаңы ишканалар экономикалык негизди бекемдеп, жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча узак мөөнөттүү максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөт.
Бүгүнкү маанилүү кадамдын натыйжасында жаңы ишканалар жергиликтүү инфраструктураны жана социалдык программаларды өнүктүрүүгө көмөктөшүп, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, калктын жашоо сапатын жакшыртат деп күтүлүүдө.
- Баткен облусунда жалпы суммасы 2,5 миллион АКШ долларын түзгөн 8 объект ишке киргизилип, 234 жаңы жумушчу орун түзүү каралган;
- Бишкек шаарында жалпы суммасы 30,1 миллион АКШ долларын түзгөн 4 объект ишке киргизилип, 1 259 жаңы жумушчу орун түзүлдү;
- Жалал-Абад облусунда 29,3 миллион АКШ долларына 10 объект ачылып, 830 жумушчу орун түзүү каралган;
- Нарын облусунда 6,6 млн АКШ долларына 8 объект ишке киргизилип, 315 жаңы жумуш оруну түзүлдү;
- Ош шаарында 144 жаңы жумуш ордун түзүү менен 2,6 млн АКШ долларына 3 объект ишке киргизилди;
- Ош облусунда 26,6 млн АКШ долларына 6 объект ишке кирип, 128 жаңы жумуш орунун түзүү каралган;
- Талас облусунда 1,1 млн АКШ долларына 2 объект ачылып, 70 жаңы жумуш орунун түзүү каралган;
- Чүй облусунда жалпы суммасы 105,7 млн АКШ долларын түзгөн 20 объект ишке кирип, 2 333 жаңы жумуш оруну түзүлдү;
- Ысык-Көл облусунда 18,0 млн АКШ долларына 6 объект ачылып, 143 жаңы жумуш орунун түзүү каралган.