#КРЭКМ өлкөнүн алдыңкы өнөр жай ишканалары менен биргеликте жаңыланган Улуттук аныкталган салымдын (NDC 3.0) алкагында кыргыз өнөр жайын аз көмүртектүү келечекке даярдоо боюнча стратегиялык демилгени ишке киргизүүдө.
Эл аралык рыноктордон басымдын өсүшү, ЕБдеги CBAM сыяктуу чек ара аркылуу көмүртек жөнгө салууларынын киргизилиши, ошондой эле ички климаттык тобокелдиктердин күчөшү — мөңгүлөрдүн эришин, суу тартыштыгын жана табигый өзгөчө кырдаалдардын көбөйүшүн эске алуу менен, Кыргызстан өнөр жайды модернизациялоо, технологиялык артта калууну жоюу жана экономикадагы негизги тармактардын туруктуулугун жогорулатуу багытында стратегиялык тандоо жасап жатат.
NDC 3.0 долбоору парник газдарынын бөлүнүп чыгышын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик платформаны түзүүнү, климаттык отчеттуулуктун жана валидациянын ачык системасын өнүктүрүүнү, ошондой эле заманбап аз көмүртектүү өндүрүш стандарттарын киргизүүнү карайт.
Мындан тышкары, демилге ишканаларды колдоо чараларын камтыйт: таза технологияларга өтүү үчүн жеңилдетилген каржылоо жана салык стимулдары, таза технологиялар индустриалдык паркы менен демонстрациялык борборду түзүү, ошондой эле декарбонизация жана климаттык менеджмент боюнча билим берүү программаларын ишке киргизүү. Бул ар бир компанияга көмүртек изин натыйжалуу жана аң-сезимдүү түрдө азайтууга шарт түзөт.
«Кыргызстандын глобалдык бөлүнүп чыгыштагы үлүшү минималдуу болсо да, биздин өнөр жай климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азыртан сезип жатат — суу ресурстарынын азайышынан тартып экспортко болгон коркунучтарга чейин. Дал азыр бул чакырыктар туруктуу жана заманбап өнүгүү үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүктөргө айланып жатат», — деп белгилейт Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.
Долбоордун пилоттук фазасы 2025-жылы старт алып, көмүртекке эң көп көз каранды секторлордо, анын ичинде курулуш материалдары менен тамак-аш өнөр жайында 20 ишкананы камтыйт.
NDC 3.0 Кыргызстанды глобалдык аз көмүртектүү экономикага интеграциялоонун негизги куралы болуп, эл аралык климаттык каржылоого, технологияларга жана туруктуу өндүрүштүн алдыңкы тажрыйбаларына жетүүнү камсыз кылат.