Ош шаарында Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУ Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан уюштурулган климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктарга байланышкан тобокелчиликтерди башкаруу маселелерине арналган үч күндүк семинар өттү.
Семинарга Искендер Маматов жетектеген #КРЭКМ өкүлдөрү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ош шаарынын мэриясы, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жана экология менен климаттын өзгөрүшү боюнча адистер катышты.
Семинар климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктар менен байланышкан тобокелчиликтерди азайтуу стратегияларын талкуулап, эл аралык өнөктөштөр менен тажрыйба жана мыкты практикаларды бөлүшүү үчүн маанилүү аянтча болду. Катышуучулар Борбор Азия шаарларынын экстремалдуу климаттык көрүнүштөргө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча негизги чараларды талкуулашты.