Сатуу-алышуу, инвестициялар, долбоорлор: Кыргызстан менен Түркия биргеликте өнүгүүнү ылдамдатууда

Новости
27-Август 2025-ж.
81

КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун төрагалыгы алдында 27-августта Түркия Республикасынын Анкара шаарында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын (ӨБК) алкагында түзүлгөн Кыргыз-түрк соода боюнча жумушчу тобунун экинчи жыйыны өттү. 

Түркия тараптан жыйынга Түркия Республикасынын Соода министринин орун басары Мустафа Тузджу катышты.

Жыйын өз ара түшүнүшүү жана бир туугандык маанайда өтүп, эки тараптын соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө болгон даярдыгын көрсөттү. Өз сөзүндө Султан Ахматов соода, инвестиция жана биргелешкен долбоорлор тармагында кыргыз-түрк кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жумушчу топ эки тараптуу демилгелерди практикалык деңгээлде илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болооруна ишеним билдирди.

Жыйындын күн тартибине сегиз негизги маселе кирди, алар:

1. Соода, бажы жана инвестициялар тармактарындагы учурдагы абалды баалоо.

2. 2024-жылдагы эки тараптуу сооданын өнүгүшүн талдоо жана келечектеги багыттарды аныктоо.

3. Инвестициялык кызматташтыкты жана келишимдик мамилелерди кароо.

4. Потенциалдуу товарлардын тизмесин аныктоо жана алмашуу, ошондой эле тарифтик эмес тоскоолдуктарды аныктоо.

5. Эркин экономикалык аймактар чөйрөсүндөгү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо.

6. Жашыл экономика жана көмүртек рыногу тармагындагы кызматташуу.

7. ӨБК 12-жыйынын өткөрүү боюнча алдын ала консультациялар.

Жыйындын жемиштүү жүрүшү Кыргызстан менен Түркиянын элдеринин жыргалчылыгы үчүн экономикалык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого болгон бекем ниетин дагы бир жолу тастыктады.

Онлайн кайрылуу