Кыргызстан менен Тажикстандын экономикалык интеграциясы жаңы деңгээлге чыгууда

Новости
27-Август 2025-ж.
68

#КРЭКМ караштуу «Адал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков Тажикстан Республикасынын делегациясы үчүн өлкөдөгү алдыңкы тамак-аш кайра иштетүүчү ишканаларга тааныштыруу сапарларын уюштурду.

Сапардын программасынын алкагында Тажикстан Республикасынын биринчи премьер-министринин орун басары Хоким Холикзода жетектеген делегация:

- «Адал Азык» ЖЧК («Тойбосс» соода белгиси);

- «Куликовский Кондитер үйү» ЖЧК;

- «Кант Сүт» ЖЧК («Ак Дарыя» соода белгиси);

- «Торо» ЖЧК ишканаларына барышты.

Коноктор ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн технологиялык өнүгүү деңгээлин жана экспорттук потенциалын жогору баалап, мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар экендиктерин билдиришти. Айрыкча, тажик тарап Кыргызстандын сүт, кондитер жана эт азыктарын, анын ичинде адал-продукциясын импорттоого кызыгуусун көрсөттү.

Мындан тышкары, тараптар стандартташтыруу, тажрыйба алмашуу жана адал индустриясын өнүктүрүү тармагындагы кызматташууну тереңдетүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.

Бул сапар өз ара сооданы өнүктүрүүгө, адал стандарттарына жооп берген ата мекендик продукциянын экспорттук потенциалын чыңдоого, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы экономикалык интеграцияны жана жакшы коңшулук мамилелерди кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Онлайн кайрылуу