Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги учурда Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик номур белгилери менен катталган унааларды мыйзамдаштыруу боюнча кампания жүрүп жатканын эскертет.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 – ПЖ Жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда, жогоруда аталган мыйзамдаштыруунун мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин.
Ушуга байланыштуу, министрлик Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик номур белгилери менен жүргөн унаалардын бардык ээлерин белгиленген тартипте мыйзамдаштыруу процедурасынан өтүүгө чакырат.
Бул үчүн Кыргыз Республикасындагы транспорт каражаттарын каттоого ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу зарыл.
Эгерде мыйзамдаштыруу мүмкүн болбосо, анда жогоруда аталган транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагынан өз убагында чыгарып кетүү чараларын көрүү зарыл.