Кыргызстандын адал индустриясы: Ооганстан менен кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Новости
27-Август 2025-ж.
149

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков Ооганстан Ислам Эмираты Өкмөтүнүн делегациясын кабыл алууга катышты.

Ооганстан Соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Нуреддин Азизи жетектеген расмий делегациянын сапарынын алкагында, афган тарап Кыргызстандагы адал индустриясынын өнүгүүсү менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө делегация Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Халал-Резорт» пансионатына барып, эс алуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн «адал» стандарттарына ылайык уюштурулушу менен таанышты.

Ошондой эле, Ооганстандан келген өкүлдөр эл аралык «адал» стандарттарына жооп берген продукцияларды чыгаруучу Кыргызстандын тамак-аш кайра иштетүү ишканаларынын мүмкүнчүлүктөрү менен да таанышты. Делегация Балыкчы шаарындагы мал союу цехин жана «Адал-Азык» («Той Босс» соода белгиси) ишканасын көрүп чыгышты.

Жыйынтыгында, Ооганстандын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук адал индустриясын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди жогору баалап, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар экендигин билдиришти.

Перспективдүү багыттар катары биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, Ооганстан жарандарына багытталган «адал-френдли» туристтик маршруттарды өнүктүрүү, ошондой эле кыргызстандык адал азык-түлүктөрүн импорттоо маселелери талкууланды.

Онлайн кайрылуу