Бишкек кыргыз-тажик бизнес байланыштарын чыңдоонун аянтчасына айланды

Новости
27-Август 2025-ж.
173

2025-жылдын 24-августунда Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Хоким Холикзода Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Бишкек шаарына Тажикстандан бизнес-делегация келди.

Жолугушуунун максаты – соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана тажрыйба алмашуу болду.

Делегациянын курамына тоо-кен, машина куруу, текстиль, курулуш, химия жана тамак-аш өнөр жайынын ишканаларынын өкүлдөрү кирди.

Тажик делегациясы Кыргызстандын алдыңкы ишканаларынын бир катарына барып, алардын ишмердүүлүгү менен тааныштв. Анын ичинде  «Кумтор Голд Компани» ЖАК, «Кыргызалтын» ААК, Venstella тигүү фабрикасы, «Базико Стайл», «Бек Кабель» жана башка компаниялар бар.

Жолугушуулардын жыйынтыгында «Кумтор Голд Компани» ЖАК, «Кыргызалтын» ААК жана тажик тараптан «Талко Голд» ЖАК, «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясы» ЖЧК  жана «Пакрут» ЖЧК менен кызматташтык тууралуу Меморандумдарга кол коюлду. Бул документтер тоо-кен тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана технологиялык кызматташууну камтыйт.

Мындан тышкары, тигүү тармагында да кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишти. Тажик тарап «Базико Стайл» компаниясынын продукциясына кызыкдар экендигин билдирип, Venstella фабрикасынын жаңы филиалынын ачылышына катышты.

Иш-чаранын алкагында тажик делегациясы кыргыз ишканаларынын заманбап технологияларды активдүү киргизүүсү, өндүрүштү жогорку деңгээлде уюштуруусу жана эл аралык сапат стандарттарына шайкештиги менен таанышты.

Бул сапар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өнөр жай жана региондор аралык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

Онлайн кайрылуу