Бакыт Сыдыков: «Ысык-Көлдө яхта флотунун ачылышы — Кыргызстандын туризмдеги келечегине жасалган чоң кадам»

Новости
27-Август 2025-ж.
197

2025-жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде алгачкы монотиптүү яхта флотунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чаранын негизги коногу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков болду. Ал өз сөзүндө бул долбоордун өлкө экономикасы жана туризм тармагы үчүн стратегиялык маанисине токтолду.

Министр белгилегендей, туризм Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат жана ал Улуттук өнүгүү программасында 2030-жылга чейинки негизги төрт вектордун катарына киргизилген.

«Ысык-Көлдө алгачкы яхта флотунун ачылышы — бул жөн гана жаңы инфраструктуралык объект эмес. Бул — Кыргызстандын алдыга умтулуусунун, экономика, коом жана келечек муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн символу», — деп баса белгиледи Бакыт Сыдыков.

Министрдин айтымында, долбоордун мааниси төмөнкүдөй багыттарда көрүнөт:

 • суу спортунун жана массалык активдүү эс алуунун өнүгүшү;

 • туристтерди жылдын ар кайсы мезгилинде тартуу жана туристтик сезонду узартуу;

 • жаңы жумуш орундарын түзүү жана бизнести колдоо;

 • Кыргызстандын заманбап эл аралык имиджин калыптандыруу;

 • региондун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.

Ошондой эле министр спорттук маданиятты өнүктүрүү жана жаштарды активдүү жашоо образын тандап алууга тартуу зарылдыгын белгиледи. Парус спорту үчүн инфраструктура түзүлүшү спортчуларды даярдоого жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бакыт Сыдыков кошумчалагандай, 2025-жылы Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын парус спорту федерациясынын демилгесин колдоп, спорттук жабдууларды, анын ичинде парустук яхталарды бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн спорттук кеме-сууду убактылуу киргизүүнү жөнөкөйлөтүлгөн тартипке өткөрүү маселесин караган.

Сөзүнүн соңунда министр долбоорду ишке ашырууга салым кошкон Евгений Котовго жана анын командасына ыраазычылык билдирди:

«Бүгүн биз келечекке кадам таштап жатабыз. Бул флот Кыргызстандын дүйнөгө ачыктыгынын жана энергиясынын символу болуп калсын», — деп белгиледи Бакыт Сыдыков.

Онлайн кайрылуу