Кыргызстан менен Казакстан кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жаңы макулдашууларга кол коюшту

Новости
22-Август 2025-ж.
326

Министр Бакыт Сыдыков 2025-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапарынын алкагында кыргыз-казак экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол койду.

2030-жылга чейин эки тараптуу товар жүгүртүүнү 3 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча жол картасы.

Документ өз ара сооданы кеңейтүүнүн, инвестицияларды тартуунун жана эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн негизги кадамдарын аныктайт.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстан Республикасынын Алматы облусунун акимчилигинин ортосундагы Алматы шаарына жакын аймакта оптово-бөлүштүрүү борборун куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму.

Долбоорду ишке ашыруу заманбап логистикалык инфраструктураны түзүүгө жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн базарларына чыгарууга шарт түзөт.

2025–2026-жылдарга карата туризм тармагында кызматташуу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстан Республикасынын туризм жана спорт министрлигинин ортосунда).

Бул план биргелешкен туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө, улуттук бренддерди илгерилетүүгө жана туристтердин санын көбөйтүүгө багытталган.

Бул документтерге кол коюу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого, экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө жана соода, логистика, туризм тармактарында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга толук даяр экендигин тастыктайт.

Онлайн кайрылуу