Координациялык кеңештин жыйынында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иштердин жыйынтыгы чыгарылды

Новости
21-Август 2025-ж.
446

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаеванын төрагалыгы алдында өткөн Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин жыйынында үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары чыгарылды.

Жыйынга мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Координациялык кеңеш коллегиалдуу кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана анын негизги милдети мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагындагы иш-аракеттерин координациялоо болуп эсептелет.

Кеңеш жарандардын укуктары бузулган учурларга ыкчам чара көрүүгө, ошондой эле аларды кыска мөөнөттө жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.

Белгилеп кетсек, 2024-жылы болжол менен 8 миңге жакын жарандардын кайрылуулары каралып, аларга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлгөн.

Онлайн кайрылуу