Акыркы убакта шылуундар Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун атынан ар кандай билдирүүлөрдү таратып, маалымат же акча каражаттарын талап кылган учурлар көбөйүүдө.
Эгер сиз мындай билдирүү алсаңыз:
• Ага жооп бербеңиз жана акча которбоңуз;
• Мындай кайрылуу тууралуу укук коргоо органдарына (102) билдириңиз;
• Жакындарыңызга айтып, аларды дагы шылуундардын курмандыгы болуудан сактаңыз.
Сак болуңуз жана өзүнүздү алдоого жол бербеңиз! Өзгөчө финансылык маселелерге тиешелүү болгон күмөндүү маалыматтарды тактаңыз.
Эгер шек санасаңыз, #КРЭКМ басма сөз кызматына 0777 777 572 номер аркылуу кайрылсаңыз болот.