2025-жылдын 15-августунда Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунун (СУАР) Кашгар шаарында 15-эл аралык «Кашгар жарманкеси» ачылды. Быйыл Кыргызстан жарманкенин ардактуу өлкөсү болуп тандалды.
Кыргызстанды #КРЭКМ Соода өкүлчүлүгү жана «Кыргыз Экспорт» борбору колдоосу менен 9 компания тааныштырып жатат. Алар төмөнкү тармактарды камтыйт:
* бал өндүрүү
* алкоголдук продукция
* кургак жемиштер
* кол өнөрчүлүк буюмдары
* улуттук кийим элементтери
* кондитердик азыктар
Кыргыз павильонуна СУАР Эл өкмөтүнүн төрагасынын орун басары жана Кашгар шаардык парткомунун катчысы Ние Чжуан баш багып, кыргыз продукциясынын региондор аралык кызматташтыктагы маанисин баса белгиледи.
Жарманке 15–19-август күндөрү уланат.
Кыргыз өндүрүүчүлөр үчүн бул мүмкүнчүлүк:
түз келишимдерди түзүүгө, өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана продукцияны дүйнөгө таанытууга жол ачат.