2025-жылдын башынан бери туруктуу экономикалык өсүш сакталууда. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттин каражаттардын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү, ошондой эле калктын кирешесинин өсүшүнүн эсебинен ички суроо-талаптын жогорулашы менен камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2025-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 865,2 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 111,5 %ды (2024-жылдын январь-июлунда – 108,1 %) түздү.
Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 11,4%га, тейлөө чөйрөсүндө – 9,8 %га, курулушта – 37,8 %га, айыл чарбасында – 2,3 %га өскөн.
Экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 32,8 % ды, ал эми кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү 51,1 % ды түздү.
Өнөр жай. 2025-жылдын январь–июль айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 374,6 млрд сом суммасында дүң продукция өндүрүлдү. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүш көлөмү 11,3 %га өстү (2024-жылдын январь–июлунда өсүш 0,8 %ды түзгөн).Алтын кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 21,7 % га өстү.
Өнөр жай өндүрүшү тарабынан ИДПны түзүүгө оң салым 1,95 пайыздык пунктту түздү. ИДПны өндүрүү түзүмүндө өнөр жайдын салыштырма салмагы 18,5% ды түздү.
(1) Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң жогорку үлүшкө ээ болгон кайра иштетүү өндүрүшүндө (76,9%), 2025-жылдын январь-июль айларында дүң продукциянын көлөмү 288,1 млрд сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 111,0%ды түздү. Өсүш азык-түлүк (ичимдиктерди кошо алганда) жана тамеки буюмдарын өндүрүүнүн 49,0%га, текстиль өндүрүшүнүн; кийим жана бут кийим, тери жана башка тери буюмдарын өндүрүүнүн – 4%га, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукциясын - 30,6%га, тазартылган нефть продуктуларын - 5,8%га, химиялык продукцияны - 29,3%га, фармацевтикалык продукцияны - 2,4 эсеге, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын - 33,5%га көбөйүшүнө байланыштуу болду.
Ошол эле учурда негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн 1,4%га төмөндөшү белгиленди.
(2) Пайдалуу кендерди казып алууда (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 9,7%) 2025-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча продукциянын өндүрүш көлөмү 36,4 млрд сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 114,6%ды түздү. Өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшү төмөнкү кендерди казып алуунун өсүшүнө байланыштуу болду:
- таш жана күрөң көмүр (лигнит) 15,2%га. Жалпысынан республика боюнча көмүр казып алуу 1968,7 миң тоннаны түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 259,7 миң тоннага көбөйдү;
- металл рудалары 22,3%га (алтынды камтыган концентраттар), анын үлүшү бул тармактагы өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн 70%дан ашыгын түзөт;
- башка пайдалуу кендер 19,3%га.
(3) Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылууда (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 12,4%) 2025-жылдын январь-июль айларында өндүрүш көлөмү 46,3 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилинин деңгээлине карата 8,5%га көбөйдү. Өсүш электр энергиясын өндүрүүнүн, аны берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн – 5,4%га; газ өндүрүүнүн; газ менен жабдуу системалары аркылуу газ сымал отунду бөлүштүрүүнүн - 12,4%га; буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуунун – 36,9%га көбөйүшүнө байланыштуу болду.
2025-жылдын январь-июль айларында электр энергиясын иштеп чыгуу 9351,2 млн кВт/саатты түздү (2024-жылы 8480,2 млн кВт/саат болгон), бул 871,0 млн кВт/саатка көп, же 2024-жылдын тиешелүү мезгилине карата 110,3%. Көбөйүү калктын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин электр энергиясын керектөөсүнүн жогорулашына байланыштуу болду.
(4) Суу менен камсыздоодо, тазалоодо, калдыктарды иштетүүдө жана экинчи чийки затты алууда (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 1,0%) физикалык көлөмдүн индекси 127,6%ды түздү, ал эми өндүрүш көлөмү 3,8 млрд сомду түздү. Көлөмдүн көбөйүшү сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүү (суу менен камсыздоо) көлөмүнүн 32,4%га өсүшүнүн эсебинен болду, алар бул тармакта дээрлик 60%ды ээлейт, ошондой эле калдыктарды чогултуу, иштетүү жана жок кылуу, экинчи чийки затты алуу – 36,9%га, зыянсыздандыруу жана калдыктарды башка иштетүү – 15,9%га, саркынды сууларды чогултуу жана иштетүү – 12,3%га көбөйгөндүгүнүн эсебинен болду..
Айыл чарба. 2025-жылдын январь-июль айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 179,0 млрд сомду түздү. 2024-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине салыштырмалуу реалдуу өсүш темпи 102.3 %ды түздү. 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу айыл чарба продукциясын дүң өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү негизинен мал чарба продукциясын өндүрүүнү 3,0 %га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз болду. Бул өсүш эт өндүрүшүнүн 3,7 %га, сүт өндүрүшүнүн 2,1 %га жана жумуртка өндүрүшүнүн 1,9 %га жогорулашы менен шартталды
2025-жылдын январь-июль айларында түшүмдүүлүк мурунку мезгилге салыштырганда төмөндөдү. Бул сугат суусунун жетишсиздиги, ошондой эле быйыл айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн мурунку жылга салыштырмалуу 2-3 жума эртерээк бышып жетилгендиги менен түшүндүрүлөт. Натыйжада түшүм жыйноо иштери эртерээк башталып, бул мурунку мезгилдеги продукциянын көлөмүнө таасирин тийгизди. Ошонун негизинде январь-июль айларында айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүү темпи жайлап, 2,3 %ды түздү (2024-жылдын январь-июнунда 3.8 %га өскөн).
Өсүмдүк чарба продукциясынын өндүрүшү 0,9%га өстү, бул картошка өндүрүшүнүн 9,6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн – 12,6%га, жашылчалардын – 11,9 %га жана бакча өсүмдүктөрдүн – 13,0%га көбөйүшү эсебинен камсыздалды.
Учурда республика аймагында талаа жумуштары активдүү улантылууда. 2025-жылдын 11-августуна карата ыкчам маалыматтар боюнча, дан эгиндери эгилген жалпы 678,4 миң га ичинен 340,1 миң га жыйналып, бул 50,1%ды түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 33,7 миң га көп. Ошол эле учурда буудай боюнча жалпы 247,6 миң га аянттын ичинен 190,8 миң га жыйналып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 27,1 миң га көп, дүң жыйымы 397,1 миң тоннаны түздү; арпа боюнча 249,3 миң га ичинен 149,2 миң га жыйналып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6,5 миң га көп, дүң жыйымы 240,6 миң тоннаны түздү.
Ош облусунда жүгөрү жыйноо иштери башталды, 52 га аянттан 279 тонна түшүм жыйналды. 2025-жылы жүгөрү жыйноо 111,6 миң га аянтта жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жашылча-жемиштерди, бакча өсүмдүктөрдү жана картошканы жыйноо иштери уланууда: картошканын эрте жана орто эрте бышчу сорттору 12,7 миң га аянттан жыйналып, дүң жыйымы 205,7 миң тоннаны түздү (орточо түшүмдүүлүк – гектарына 162,2 центнер). Картошканын жалпы айдоо аянты – 64,6 миң га. Бакча өсүмдүктөр 10,28 миң га аянттан жыйналып, дүң жыйымы 255,8 миң тоннаны түздү. Жашылча жыйноо 23,1 миң га аянтта жүрүп, дүң жыйымы 580,8 миң тоннаны түздү.
Агрардык тармактарды каржылоо боюнча мамлекеттик колдоо уланууда. 2025-жылдын 7-августуна карата “Айыл чарбасын каржылоо–13” долбоорунун алкагында республика боюнча 6 017айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жеңилдетилген насыялар менен каржыланып, жалпы сумма 3 759,23 млн сомду түздү, анын ичинде мал чарбачылыгы багыты боюнча – 4 982 субъект 3 071,21 млн сомго; “өсүмдүк өстүрүү” тармагы боюнча 893 субъект 437,92 млн сом суммасында; “сууну үнөмдөөчү технологиялар” чөйрөсүндө 24 субъект 17,0 млн сом суммасында; “лизинг” чөйрөсүндө 118 субъект 233,1 млн сом суммасында каржыланды. Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк” ААК 5,0 млрд сом көлөмүндө насыя берүү менен катышууда.
Айыл чарба өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,17 пайыздык пунктту түзгөн. ИДПнын түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 6,9%ды түздү.
Курулуш. 2025-жылдын январь-июлунун жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 141,9 млрд сомду түзүп, 33,4%га өстү (2024-жылдын январь-июлунда 49,2 %га өскөн).
2024-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын (52,2 %га) өсүшүнүн эсебинен камсыздалды, ошол эле убакта тышкы булактардын көлөмү тескерисинче (40,5 %га) төмөндөдү.
2025-жылдын январь-июнунда инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 85 %дан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.
Экономиканын капиталдаштыруунун олуттуу өсүшү төмөнкү факторлор менен шартталган:
- “Менин үйүм” программасынын алкагында турак жай курулушунун көлөмүнүн көбөйүшү;
- байланыш тармактарын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого инвестициялардын көбөйүшү, анын ичинде мобилдик байланыш операторлору – ЖАК “Альфа Телеком” (MegaCom бренди) жана ЖЧК “Нур Телеком” (О! бренди) тарабынан жаңы базалык станцияларды куруу;
- билим берүү объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү;
- Бишкек жана Ош шаардык мэриялары тарабынан шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын көбөйүшү;
- спорт объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү;
- өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө болгон инвестициялардын өсүшү.
Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнө жараша, 2025-жылдын январь-июль айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 145,2 млрд сомду түзүп, 37,8 %га көбөйдү (2024-жылдын январь-июлунда өсүш 38,7 % болгон).
Курулуш секторунан ИДПга оң салым 2,25 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 7,4 %ды түздү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө басымдуу үлүштү ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салымды камсыз кылууда. 2025-жылдын январь-июль айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң продукциясынын көлөмү 676,8 млрд сомду түздү жана 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,3 % га көбөйдү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жогорку өсүшү кредиттөөнүн көлөмүнүн көбөйүшү (2025-жылдын январь-июнь айларында керектөө кредиттеринин көлөмү 37,9%га өскөн), калктын кирешесинин көбөйүшү менен шартталган (2025-жылдын январь-июнь айларында орточо айлык эмгек акынын номиналдык өлчөмү 19,6%га өскөн; 2025-жылдын январь-июль айларында пенсиянын орточо өлчөмү 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 14,2%га көбөйгөн, жеке жактардын трансчегаралык акча которууларынын таза агымы 2025-жылдын январь-июнь айларында 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 26,1%га көбөйгөн).
Кызмат көрсөтүүчү экономика тармактарынын түзүмүндө эң көп үлүштү дүң жана чекене соода – 30,9 %, транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо кызмат көрсөтүүлөрү – 9,4 % жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү – 10,2 % ээлейт.
Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2025-жылдын январь-июль айларында 209,0 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 119,5% түздү. Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүлөрүнүн 2024-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу өсүшү дүң (2,2 %га) жана чекене сооданын (22,8 %га) көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалды.
2025-жылдын январь-июль айларында транспорттук ишмердиктин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 63,3 млрд сом суммасында түзүлдү жана 7,3 %га көбөйдү. Транспорттун бардык түрлөрү менен 31,6 млн тонна ар кандай жүк ташылган, бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 11,6%га көп. Ошондой эле республиканын ташуучулары тарабынан 354,7 млн жүргүнчү ташылган, бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине караганда 8,9%га көп.
2024-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 2025-жылдын январь-июль айларында 28,9% га өсуп, 27,3 млрд сомду түздү.
Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 35,0 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 106,2 % түздү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 5,15 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 51,1 %ды түздү.
Керектөө бааларынын индекси104,7 %ды түздү (2025-жылдын июль айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2025-жылдын январь-июлу 2024-жылдын январь-июлуна карата) 107,5 %ды түздү.
Мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 6,7 %га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 4,2 %га, азык-түлүк эмес азыктарга – 2,5 %га жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 2,7 %га жогорулады.
Бул мезгилде баалар жаңы бышкан жемиштердин (30,8 %га), картошканын (28,6 %га), балыктын (17,1 %га), жаңы жашылчалардын (16,9 %га), өсүмдүк майынын (10,8 %га), эттин (8,6 %га), анын ичинде кой этинин (15,2 %га), жылкы этинин (8,4 %га), уй этинин (7,9 %га), ундун (3,7 %га), ак каймак майдын (3,3 %га), жана кумшекердин (1,2 %га) баалары эң көп кымбаттады.
Мөмө-жемиштер менен жашылчаларга болгон сезондук баанын жогорулашы менен бирге, айрым азык-түлүк товарларынын категорияларында дефляция байкалган: тоок жумурткасына – 13,7 %га, куюлуп сатылуучу сүткө – 7,9 %га, малдын майына – 3,8 %га, жана күрүчкө – 0,8 %га төмөндөгөн.
2025-жылдагы баа динамикасы ички суроо-талап жана тышкы факторлор (глобалдык азык-түлүк инфляциясы, логистикага дүйнөлүк баалардын өсүшү) тарабынан өсүп жаткан басымды чагылдырат.
Баалардын калыптанышына төмөнкү факторлор таасир эткен:
-тамак-аш азыктарына баалардын өсүшү, негизинен азык-түлүк товарларына (мөмө-жемиштерге) баалардын сезондук олку-солку болушу менен шартталган: жазгы-жайкы мезгил салттуу түрдө жаңы түшүм бериле элек өткөн жылдагы түшүмдүн запастарынын түгөнүшү менен мүнөздөлөт, бул өзгөчө тез бузулуучу жашылчалардын, жемиштердин жана чөптөрдүн сегментине таасирин тийгизип, суроо-талап менен сунуштун ортосунда убактылуу дисбалансты пайда кылат;
-ички рыноктун ун, өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк товарларына болгон импортко көз карандуулугу, ошондой эле дүйнөлүк тенденция (өсүмдүк майы, эт, кантка болгон баалардын өсүшү жана жогорку импорттук суроо-талап менен бекемделген) азык-түлүк бааларына таасир берүүдө. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Азык-түлүк бааларынын индекси 2025-жылдын июль айында орточо 130,1 пунктту түздү, бул июнь айына салыштырмалуу 2,1 пунктка же 1,6 %га жогору. Этке жана өсүмдүк майына болгон баа индекстеринин өсүшү дан азыктары менен сүт азыктарына болгон баа индекстеринин төмөндөшүн толуктап, тең салмактады. Жалпысынан, Азык-түлүк бааларынын индекси 2024-жылдын июль айына салыштырмалуу 9,2 пунктка же 7,6 %га жогору болгон.
-электр энергиясынын негизги тарифинин жогорулашы (+23,6 %, 700 кВт/сааттан жогору колдонууда – дагы +8,2 %) коммуналдык тармакта жана өндүрүш чынжырларында баалардын өсүшүнө алып келди (ТКЖ тармагында +7,1 %).
-калктын акчалай кирешелеринин эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнөн алдыга озуп өсүшү (номиналдык жана реалдуу эмгек акылардын олуттуу жогорулашы). 2024-жылы орточо айлык номиналдык эмгек акы 14,1 %га өскөн, ал эми реалдуу өсүш 8,6 %ды түзгөн. 2025-жылдын январь–июнь айларында орточо эмгек акы 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6 %га жогорулаган, ал эми реалдуу өсүш – 11,5 %. Ошондой эле, 2025-жылдын январь–июнунда жеке адамдардын чек ара аркылуу жөнөтүлгөн акча каражаттарынын таза агымы 2024-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 26,1 %га көбөйгөн.
-логистика жана импорттун кымбатташы: Казакстанда темир жол ташууларына болгон тарифтердин жогорулашы (+16 %, андан соң дагы +35 %), ошондой эле Россия Федерациясында КНСтин 20 %дан 22 %га көтөрүлүшү
-турак жай жана курулуш материалдарынын баасынын өсүшү (+8–10 %) – бул суроо-талаптын жогорулашы жана курулуш материалдарынын (анын ичинде импорттолгон) кымбатташы менен байланыштуу
-кредит берүүнүн көлөмүнүн өсүшү: 2025-жылдын январь–июнунда керектөөчүлүк насыялардын көлөмү 37,9 %га көбөйгөн, ал эми 2023-жылга салыштырмалуу 2,3 эседен ашкан, бул да бааларга кошумча басым көрсөтүүдө
-калктын инфляция боюнча жогорку күтүү деңгээли сакталып калууда. Июнь айына карата жарыяланган жылуулук жана ысык суу менен камсыздоого тарифтердин жогорулашы бизнестин жана калктын чыгымдардын мындан ары өсүшүнө ишенимин жаратты, мунун натыйжасында жеткирүүчүлөрдүн бир бөлүгү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы наркына күтүлгөн чыгымдарды киргизүү менен бааларды алдын ала көтөрө башташты.
Керектөө бааларынын туруктуулугун сактоо максатында 2025-жылга карата социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына болгон баалардын өсүшүн ооздуктоо боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы кабыл алынып (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-февралындагы №72-р буйругу), анын аткарылышы активдүү мониторингден өткөрүлүүдө.
Абалды турукташтыруу максатында 2025-жылдын 31-январынан тартып Кыргызстанда айыл чарба жаныбарларын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого уруксат берүү убактылуу токтотулган. Бул чара ири жана майда мүйүздүү малды, ошондой эле аттарды камтыйт. Аталган чара экспорттун көлөмүн кыскартууга шарт түзгөнү менен, 2025-жылы эт продукцияларынын баасы өсүүнү уланткан. Бул керектөө рыногундагы инерциялык жүрүм-турум менен түшүндүрүлөт: базар катышуучулары мурдагы жылдын аягында калыптанган бааларды сактап калууга же инфляциялык күтүүлөрдүн негизинде жогорулатууга умтулушат.
Калыптанып жаткан инфляциялык кырдаалды эске алуу менен, 2025-жылдын 11-августунан тартып 90 календардык күнгө уй жана кой этине (сөөксүз этти кошпогондо) убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салуу киргизилди. Бул чара эт азыктарына болгон негизсиз баа өсүшүн алдын алуу жана калк үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акча-кредит саясатынын алкагында ички жана тышкы инфляциялык факторлорду баалоону улантууда. Бул факторлорду талдоонун негизинде, өлкөдө орто мөөнөттүү мезгилде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банк эсептик ченди 25 базалык пунктка жогорулатып, 9,25 % деңгээлине чейин көтөрдү.
Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-июнь айларында 42 020 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,6 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 11,5 %га өстү.
2025-жылдын январь-июнь айларында номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы 2024-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.
2025-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын кыйла олуттуу өсүшү кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар (40,3 %га), курулуш (39,4 %га), административдик жана көмөкчү ишмердик (30,1 %га), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (27,3 %га), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (27,3 %га), мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги (26,2 %га), мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо (24,2 %га), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармактарында (22,9 %га), ошондой эле башка тейлөө иш чөйрөсүндө (21,3 %га) байкалды.
Тышкы жана өз ара соода. 2025-жылдын январь-июнь айында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 6 998,7 млн АКШ долл.түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,4 % га төмөндөдү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 15,0 %ды, импорттуку – 85,0 %ды түздү.
Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу төмөндөшү экспорттук жөнөтүүлөрдүн жана импорттук келип түшүүлөрдүн кыскарышына байланыштуу болду.
Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрү 2024-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 26,3 % га кыскарып, 1 048,6 млн АКШ долл. түздү.
Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарлардын көлөмү 5 950,1 млн АКШ долл. түздү жана 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,4 %га төмөндөдү. Импорттук келип түшүүлөрдүн көлөмү 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу төмөндөшү негизинен трикотаж кездемелеринин – 2,2 эсеге, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин – 1,7 эсеге, кийимдер жана анын тетиктеринин – 1,6 эсеге, жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү – 1,6 эсеге, дан эгиндери – 27,4 %га, эт жана даяр эт азыктары – 14,8 %га, фармацевтикалык продукцияларды – 6,8 %га төмөндөшү менен шартталды.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-июнунда 2 247,6 млн. АКШ долл. түзүп, 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 6,2 %га азайган. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,7 %) жана Казакстанга (32,1 %) туура келди. Республиканын жалпы товар жүгүртүүсүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 32,1 %ды, экспорт 41,5 %ды, импорт 30,5 %ды түздү.
Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 4 751,0 млн. АКШ долл. түзүп, 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 15,1 %га азайды.