Ысык-Көл жээгинде Кыргыз-Орусия экономикалык форумунун VII отуруму өтүп жатат. Иш-чара Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулай турган негизги аянтча болуп саналат.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев форумдун катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды. Ал форумду эки тараптуу байланыштарды чыңдоого, биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга жана жаңы кызматташуу багыттарын издөөгө натыйжалуу платформа катары белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кошулгандыгынын 10 жылдыгын белгилеп, негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасын жана Орусия Федерациясы менен өз ара соода көлөмүнүн өсүшүн баса белгиледи.
Форумга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана мекемелердин башка жетекчилери, бизнес коомчулуктарынын жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү да катышты.
Форумдун негизги темасы — «Экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы катары санариптик эгемендүүлүк». Данияр Амангельдиев мамлекеттин санариптик трансформацияны колдоодогу артыкчылыктары тууралуу айтып, «Санариптик Кыргызстан» жана «Startup Кыргызстан» улуттук программаларынын ийгиликтерин белгиледи. Ошондой эле ал Жогорку технологиялар паркынын өнүгүшү жана мамлекеттик секторго санариптик кызматтарды киргизүү сыяктуу ийгиликтүү долбоорлорду мисал келтирди.
Кыргыз-Орусия экономикалык форумунун VII отуруму кызматташууну тереңдетүүгө, кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, өлкөнүн эл аралык рыноктогу позициясын чыңдоого жана өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө кезектеги кадам болду.