Кыргызстан менен Өзбекстан ишкерлик байланышын бекемдеп, экспортко болгон тоскоолдуктарды жоюуда

Новости
14-Август 2025-ж.
175

#КРЭКМ караштуу Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүгү Өзбекстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапары учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Жол картасынын милдеттерине ылайык иш алып барат.

Бул иш-чаралардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин департаментинин башчысы Эрвин Тургунов менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

 • өз ара товар жүгүртүүнү 2 миллиард АКШ долларына жеткирүү боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу максатында өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген кыргыз-өзбек жумушчу тобунун жыйындарын даярдоо жана өткөрүү;

 • мамлекет башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча паритеттик министрликтердин орун басарлары деңгээлинде, анын ичинде видеоконференция форматында, сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды уюштуруу;

 • «Интергласс» ЖЧКсынын ата мекендик өндүрүүчү-экспортерунун Өзбекстан Республикасында продукцияларын бажыдан чыгаруудагы көйгөйлүү маселелерин жана аларды биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жолу менен тез арада жоюу зарылдыгын;

 • Эл аралык соода борбору «Термез» соода комплексинен мурда түзүлгөн соода жайын сатып алуу боюнча келишимдин сатуучунун милдеттенмелерин практикалык ишке ашыруу.

Жолугушуу конструктивдүү жана иштиктүү маанайда өтүп, кыргыз-өзбек өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин жана тараптардын өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даярдыгын тастыктады.

Онлайн кайрылуу