“Кыргызстан ЕАЭБдеги 10 жыл: жыйынтыктар, чакырыктар, перспективалар” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чара Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын алкагында өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Арзыбек Кожошев ЕЭК'тин Энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү (министр), КР экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышышты.
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эксперттер жана илимпоздор, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү өз ара пикир алмашышты.
Өз сөзүндө Данияр Амангелдиев Кыргызстандын 2015-жылы ЕАЭБге киришинин стратегиялык маанисин белгиледи.
“Акыркы он жылдын ичинде өлкө жаңы шарттарга ыңгайлашып гана тим болбостон, жалпы рынокто өзүнүн позициясын бекемдеп, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтип, инвестиция тартууга жана улуттук экономиканы кеңири аймактык контекстке интеграциялоого жетишти”, - деп белгиледи ал.
Конференция интеграциянын кийинки он жылдыктагы артыкчылыктарын талкуулоо менен жыйынтыкталды.