Эттин (уй жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн аталган продукциянын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, #КРЭКМ көрсөтүлгөн продукция түрлөрүнө убактылуу мамлекеттик бааны жөнгө салууну киргизгенин маалымдайт.
Экономика жана коммерция министрлигинин буйругуна ылайык, 2025-жылдын 11-августунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында уй этине жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) 90 календардык күн мөөнөткө жогорку чектелген баалар белгиленет.
Бул чечим:
• Кыргыз Республикасынын «Баалоо жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгү жана 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна;
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Социалдык мааниге ээ товарларга мамлекеттик бааны жөнгө салуу жөнүндө» 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомунун 6-пунктунун 1-абзацына;
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Жобосунун 12-пунктунун 1-абзацына ылайык кабыл алынган.
Бааны көзөмөлдөө жана жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан социалдык мааниге ээ товарларга мамлекеттик бааны жөнгө салуунун бекитилген тартибине ылайык жүргүзүлөт.
Буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде Монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана баалоо башкармалыгы:
• аткаруу үчүн буйруктун көчүрмөсүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жөнөтүүнү;
• буйрукту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтына жарыялоону;
• белгиленген тартипте Евразиялык экономикалык комиссияга маалымдоону;
• маалымат үчүн буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясына жөнөтүүнү камсыз кылат.