Афганистан менен экономикалык өнөктөштүктүн келечеги талкууланды

Новости
08-Август 2025-ж.
69

2025-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Кыргыз Республикасындагы Афганистандын убактылуу ишенимдүү өкүлү Абдул Шакур Хакани менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү перспективасын жана Афганистандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучусунун Кыргыз Республикасына боло турган визитине даярдык маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү кызыкчылыгында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдиришти.

Онлайн кайрылуу