8-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча капсула салуу салтанаты болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров долбоорду ишке ашырууга расмий старт берди.
Иш-чарага КР экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, #МЭККР алдындагы Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов жана Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Данияр Косумбаев катышты.
Долбоор жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги тоо-лыжа жана экотуристтик кластерди курууну камтыйт.
Биринчи фазада:
• 250 чакырымга чейин лыжа трассаларды;
• 4 чакырым узундуктагы аркан жолдорду;
• этно айылдарды, мейманканаларды, ден соолукту чыңдоо борборлорун;
• 4000 орундуу унаа токтотуучу жайларды куруу каралган.
Комплекс жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алып, болжол менен 5000 жумуш ордун түзөт жана региондун социалдык-экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошот.
Маанилүү элементи – транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу: Караколдон кластерге чейин төрт тилкелүү жол курулат.
«Ала-Тоо Резорт» Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, ИДПнын өсүшүнө, МЧБны колдоого жана өлкөнү жыл бою туристтик багыт катары илгерилетүүгө өбөлгө түзөт. Экономика жана коммерция министрлиги туризм чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга мындан ары да колдоо көрсөтөт.