Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, айрым жарандарынын дарегине өзүн #КРЭКМ «compliance control» (же «complains control») бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырган Ибраева Амира Азаматовнадан кайрылуулар болуп жаткандыгын маалымдайт.
Ушуга байланыштуу:
🔹 Министрликтин түзүмүндө мындай аталыштагы бөлүм жок;
🔹 Ибраева Амира Азаматовна деген кызматкер иштебейт жана эч качан иштеген эмес деп расмий түрдө билдирет.
Эгерде жогорудагы жарандан чалуулар же билдирүүлөр келип түшсө, сиздерден сак болууну жана КР ИИМ кайрылууну өтүнөт.