Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн мыйзамдык жоопкерчилик боюнча лекция #КРЭКМ кызматкерлери үчүн өткөрүлдү

Новости
06-Август 2025-ж.
175

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмаларын аткаруу максатында, #КРЭКМ жамаатына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Данияр Сапарбаев жана Рахим Абдылдаев тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча лекция өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында атайын даярдалган презентациялар көрсөтүлүп, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурда тартылган жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берилди.

Айрыкча балдардын укуктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Зомбулук жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга жардам көрсөтүү борборунун өкүлдөрү балдарга карата зомбулуктун кесепеттери тууралуу айтып берип, видеороликтерди көрсөтүшүп, катышуучуларга маалыматтык буклеттерди таратышты.

Онлайн кайрылуу